Түрк басма сөзү-17.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1185253
Түрк басма сөзү-17.04.2019

«Стар» гезити «Швейцария медиасынан «Стамбул» аэропортуна чоң мактоо;Суктандырууда» аттуу маалыматында Швейцариянын маанилүү гезиттеринен Neue Zürcher Zeitung жазуучусу Биргт Воигт «Стамбул аэропорту суктандырууда» аттуу макала жазып, «Жаңы Стамбул аэропорту көздүн жоосун алган түзүлүш. Аэропорт чындап эле мактоого арзырлык жогорку деңгээлде шарттарды сунуштайт. Жүргүнчү залдары эбегейсиз чоң, бардыгы жаркырап турат»,деп жазганын баяндаган.

«Сабах» гезити «Курулуш секторунда кубандырган өнүгүү, 12 айдан кийин жогорулоого өттү» деген маалыматында Түркиянын курулуш материалдары өнөр жайы коому тарабынан ай сайын тартиптүү түрдө чыгып турган отчетто, курулуш секторунун 12 айдан бери уланган артка кетүүсүнүн март айында соңуна чыкканын жана кайрадан жогорулай баштаганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Мусулмандыкты кабыл алган америкалык ырчы Түрк лирасын коргоду» деген маалыматында Түркияга жайгашкандан кийин мусулман болгон жана Түрк калкынын чоң симпатиясына ээ болгон америкалык ырчы Делла Милестин Түрк лирасынын дүйнөдөгү укуктуу бааны көрүшү керектигин белгилеп, сахна акысын Түрк лирасы менен алууга чечим чыгарганын жазган. Бир тараптан Европанын эң маанилүү концерт залдарында он миңдеген кишини тоскон, экинчи тараптан Түркиянын атынан ыктыярдуу туризм элчилиги милдетин аткарган Милес, сахна акыларын Түрк лирасына айландырып чечкиндүүлүгүн көрсөттү.

«Хабер түрк» гезити «Сивастагы Кызылчан көлү көргөндөрдү суктандырууда» деген маалыматында Сивастын Зара районунун Жанова айылында орун алган жана көгүлтүр түсү менен көңүлдөрдү бурган табигый көл келгендерди суктандырууда экенин маалымдаган. Бир дөбөдөгү орто эсеп менен 100 метр тереңдиктеги жар чуңкурунда орун алган көл, табият сүйүүчүлөрдү жана фотосүрөтчүлөрдү күтүүдө. Айылдын тургундары «Вулкандык көлдүн түбүн билген киши жок»,дейт. Аба-ырайына жараша түсү өзгөрүп турган көлдө балык да бар.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын эң жакшы корголгон айылы; Адатепе» аттуу маалыматында Чанаккаленин Айважык районуна караштуу Күчүккую жергесинде кичинекей корук аянты болгон Адатепе айлы, Түркиянын эң жакшы корголгон айылы катары белгилүү экенин жазган. Рум жана түрк архитектруасынын издерин алып жүргөн имараттар орун алган Адатепе кудум эле жымжырттык өкүм сүргөн жер. Эски таш үйлөрү менен конокторун тоскон Адатепеде эски тегирмендер, зайтун саткан майда дүкөндөр жана зайтун өндүрүүнү түшүндүргөн музей да бар.



Тектеш кабарлар