Түрк басма сөзү-25.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1169999
Түрк басма сөзү-25.03.2019

«Ватан» гезити «Министр Чавушоглу;кайрадан сиздин айыңыздан согуш чыгат» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Жаңы Зеландияда жума намазы убагында болгон кол салуу тууралуу, «Бул мыкаачы жана аркасындагы Ислам душмандары президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алышканын айтканын баяндаган. Бүгүнкү күнү Ислам душмандыгы жана Түрк душмандыгы бирикти. Себеби да дүйнөдөгү мусулмандардын жалгыз бир бийик үнү бар. Ал да Түркия болуп саналат»,-деп айтканын баяндаган. Чавушоглу, түрк жана мусулман душмандыгынын ордун кийинчерээк католик, протестант жана православ душманыдыгына калтыра ала турганын билдирип,Европаны эскертти. Мевлүт Чавушоглу: «Өтмүштө болгону сыяктуу 2-Дүйнөлүк согуш сыяктуу согуш кайрадан сиздин айыңыздан чыгат»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Малидеги кол салууну айыптоо» аттуу маалыматында Түркия, Малинин Мопти аймагындагы бир айылга болгон кол салууну айыптап каза тапкандар үчүн бул өлкөнүн калкына көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөткөнүн жазган. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Малинин Мопти аймагындагы Банкасс районунун жакын жериндеги бир айылга болгон кол салууда бир топ кишинин өмүрү кыйылганын жана жаракат алганын терең кайгыруу менен уктук. Бул мыкаачылык кол салууну катуу айыптайбыз. Тууган Мали калкын жана өкмөтүн кайраттуу болууга чакырабыз. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун жана жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропорту жарманкелерге эл аралык катышууну арттырат» аттуу маалыматында Ганновер Fairs Turkey жарманкечилик башкы директору Александр Күхнел, Стамбул аэропорту менен бирге Түркиянын дагы көп  эл аралык аба каттамына ээ боло турганын белгилеп, «Жаңы аэропорт менен улуттук жана эл аралык катышуучулар жарманкелерибизге дагы көп катышат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнө жүзү түрк помидорунан баш тартпайт» деген маалыматында Күнөскана инвесторлору жана өндүрүүчүлөрү биримдигинин башчысы Мүслүм Йанмаздын Түркиянын эң маанилүү талаа өндүрүмдөрүн экспортоонун башында помидор турганын белгилеп, ушул жаатта күнөскананын өнүктүрүлүшүнүн маанисине токтолгонун маалымдаган. Йанмаз, бир топ өлкөнүн Түрк помидоруна кызыкканын белгилеп, «Түркияда орто эсеп менен 12 миллион тонна помидор өндүрөбүз. Мунун орто эсеп менен 3,5 миллион тоннасы күнөсканадан чыгат»,-деди. Йанмаз өткөн жылы 53 өлкөгө 292 миллион доллардык помидор экспорту ишке ашканын айтты.

«Сабах» гезити «MFÖ, Анкарада сахнага чыгат» деген кабарында Маданият жана туризм министрлигинин көркөм өнөр башкы директорлугу Түркиянын эң тандамал искусство мекемелеринен Президенттик симфония оркестрин легендарлуу музыка тобу «Мазхар-Фуат-Өзкан (MFÖ) менен жолугуштура турганын баяндаган. Искусство сүйүүүчүлөрдүн көптөн бери толкундануу менен күткөн чоң жолугушуусу Анкара спорт залында 26-мартта (эртең) ишке ашмакчы.

 

 



Тектеш кабарлар