Түрк басма сөзү-21.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1167972
Түрк басма сөзү-21.03.2019

«Ватан» гезити «Wonderland Eurasia 31-марттын кечине чейин бекер болот» аттуу маалыматында Борбор шаар Анкарада курулган жана Европанын эң чоң тема паркы болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Wonderland Eurasiaнын ачылышын президент Режеп Таййип Эрдоган жасаганын жазган. Эрдоган сөзүндө «Анкапарк бир эле убакта экологиялык долбоор болуп эсептелет»,-деп айтып, Анкапарктын шаарга чоң салымдары боло турганын билдирди. Эрдоган, Анкапарк «Wonderland Euroasia» 31-марттын кечине чейин акысыз тейлөө жасай турганын маалымдады. Жалпы чоңдугу 1 миллион 300 миң чарчы метрге жеткен Анкапарктан жылына 50 миллион лира киреше түшөт.

«Йени шафак» гезити «С-400дөрдүн Түркиядагы алгачкы аялдамасы белгилүү болду» аттуу маалыматында Түркиянын Орусиядан ала турган абадан коргонуу системасы С-400 батареяларынын алгачкы аялдамасы борбор шаар Анкарадагы Акынжы аба базасы боло турганын жазган. Улуттук коргоо министрлиги жана Башкы штаб төрагалыгынын ортосунда жүргүзүлгөн координациядан кийин С-400 батареяларынын кайда жайгаштырыла турганы да такталат. Алгачкы этапта батареялардын бирөөнүн Акынжы базасында калышы, экчинчисинин болсо Чыгыш жана Түштүк Чыгыштан келе турган коркунучка каршы ал жердеги аймактарда колдонулушунун учурдагы шарттарда эң күчтүү альтернатива катары каралганы белгилүү болду.

«Стар» гезити «Жай айларында эсеп-кысап ашыкчасынын мезгили башталды» деген маалыматында Трабзондо уюштурулган «Кадам –кадам экономика» аттуу жыйналышында сөз сүйлөгөн казына жана финансы министри Берат Албайрактын экономиканын акыркы абалына баа бергенин жазган. Албайрак: «Жай айларында туризмдин, айыл чарбанын таасири менен, экспорттун дагы күчтүү таасири менен эсеп-кысапта ашыкча мезгилине киребиз. Бул жердеги нормалдашуу, реалдуу сектордогу оң өнүгүүлөр менен бирге Түркияны абдан жакшы деңгээлге жеткирет»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия, Жер Ортолук деңиз жана Карадеңизде чет элдик фирмалар менен энергетика кызматташтыгына ачык» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде мунай зат жана жаратылыш газ издөө иштери тууралуу маалымат бергенин баяндаган. Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ издөө иштеринде кыска мөөнөттүн ичинде жыйынтыкка жетише тургандарын жана Түркиянын колу дагы күчтөнө турганына басым жасады. «Энергия бар болсо сөзсүз табабыз»деген министр Дөнмез: «Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде эл аралык мунай зат фирмалары менен жаңы кызматташууларыбыз болушу мүмкүн, ачыкпыз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору (THY) Аргентинанын дөө-шаасы Ривер Плейтке демөөрчү болду» деген маалыматында THYнин Аргентинанын атактуу клубу Ривер Плейтке форма демөөрчүсү болгонун маалымдаган. Дүйнөдөгү көп сандаган спорт клубуна демөөрчү болгон Түрк аба жолдору, Латын Америка базарындагы үлүшүн арттырыш үчүн Ривер Плейт менен форма демөррчүлүгү жаатында макулдашты. Алдыбыздагы күндөрдө кол коюла турган келишимге караганда; Түрк аба жолдорунун 3 жыл бою форма жана стадион демөөрчүлүгүн кылышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар