Түрк басма сөзү-20.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1167192
Түрк басма сөзү-20.03.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган; Буга жооп беришин талап кылууну билебиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Зонгулдакта Жаңы Зеландиядагы террордук кол салууга токтолгонун жазган. Эрдоган: «50 боордошубузду мыкаачылык менен өлтүрдүң. Буга жооп беришин талап кылабыз. Жаңы Зеландия талап кылбаса биз тигил же бул түрдө жооп беришин талап кылабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркиядан Индонезияга көңүл айтуу билдирүүсү» аттуу маалыматында Түркия тарабынан сел жана жер көчкүсүнүн натыйжасында каза болгондор үчүн Индонезияга көңүл айтуу билдирүүсү жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Индонезиянын Папуа провинциясына караштуу Жаяпура аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон сел жана жер көчкүдөн келип чыккан оор жоготууларга жана кыйроого терең кайгыруудабыз. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун, дос жана тууган Индонезия калкына кайрат айтабыз жана жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.

«Хүррийет» гезити «Помидор экспортунда жүздөр жылмаюуда» деген маалыматында Түркиянын помидор экспорту, жылдын башынан бери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга артып 98 миллион долларга жеткенин, биринчи орунду 40 миллион доллар менен Орусия алганын жазган. Өткөн жылга караганда 351 пайызга өсүү менен 40 миллион доллардык помидор жөнөтүлгөн Орусиядан кийин, 13,5 миллион доллар менен Румыния жана 7,3 миллион доллар менен Больгария орун алды.

«Ватан» гезити «Арабдар Түркияга чубап келишет» деген маалыматында Түрк-Араб өлкөлөрүнүн кызматташтык коомунун колдоосу менен 24-26-апрель күндөрүнүн аралыгында Стамбулда боло турган 6-Түрк-Араб азык-түлүк жана азык түлүк технологиялары жарманкесинде 15 араб өлкөсүнөн 1500 ишкерди 200дөн ашуун Түрк фирмалары менен жолугуштураарын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Саламаттык сактоо туризминде 1 миллион туристтин тандоосу Түркия» аттуу маалыматында Саламаттык сактоо туризминде Түркияны тандаган турист саны 2018-жылдан тарта 1 миллионго жеткенин жазган. Арашан, ден соолук жана туризм коомунун төрагасы Явуз Йылык: «2018-жылдын акырынан тарта саламаттык сактоо туризминде Түркияны тандаган турист саны 1 миллионго жеткенин божомолдп жатабыз»,-деди. Йылык, Түркиядагы арашан суулардын суусунун сапаты, агымы жана температурасы жана ошондой эле физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү менен Европадагы арашан суулардан жогору турганына басым жасады.



Тектеш кабарлар