Түрк басма сөзү 11.12.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттердн кыскача маалыматтар.

1104545
Түрк басма сөзү 11.12.2018

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан батыш өлкөлөрүнө каршылык» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркия миллиондогон качкынды коргоого алып, батыш өлкөлөрүнүн качкындарга карата эң катуу чараларды көргөндүгүн белгилеп : «Ким адам укуктарынын коргоочусу? Бизби аларбы? Алар зулумдук кылгандан башка эч нерсе кылышпайт»,- дегендигин жазган. Түркиянын гуманитардык жардам берүүдө биринчи орунда экендигин белгилеген Эрдоган : «Ишеничибиз жана тарыхыбыз бизге кыйналгандарга жардам берүүгө, мүмкүнчүлүктөрүбүздү алар менен бөлүшүүбүз керектигин айтат. Түркия катары биздин адам укуктары маселесине көз карашыбыз бул»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Жергиликтүү үрөөнчүлүк ылдам өнүгүп баратат» деген кабарында айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри Бекир Пакдемирли : «Дүйнөнү тойгозгон дүйнөнүн лидери болот жана айыл – чарбасы болбогон өлкө да ашканасы жок үйгө окшойт»,- дегендигин жазган. Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларды өткөргөн Пакдемирли берген маалыматында : «Бир топ технологияга ээ болушуңар мүмкүн бирок сөзсүз түрдө айыл – чарбада, жок дегенде  белгилүү бир стратегиялык продукцияларда өзүңөргө өзүңөр жетиштүү болушуңар керек»,- деди. Министр Пакдемирли Түркиянын жергиликтүү үрөөн өндүрүүдө ылдам өнүккөндүгүн айтты.

«Йени шафак» гезити «Түрк экономикасы үчүнчү чейректе да өстү» деген кабарында түрк экономикасы 2018 -  жылдын үчүнчү чейрегинде 1, 6 пайызга өскөндүгүн жазган. Өсүү сандары жылдын биринчи чейрегинде 7, 3 пайыз, экинчи чейрегинде болсо 5, 2 пайыздык деңгээлде ишке ашты. Үчүнчү чейректеги өсүүдө айыл  - чарба сектору жана өнөр жайды колдоочу элемент катары байкалууда. Экономисттер үчүнчү чейректе өсүүнү акырындаткан элементтердин болсо глобалдык базарлардагы толкундануудан чыккандыгын билдиришти.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору ноябрь айында 81, 4 пайызга жетишти» деген маалыматында ноябрь айындагы жүргүнчү жана жүк ташуу жыйынтыктарын билдирген түрк аба жолдорунун бул айда 81, 4 пайыздык катнашка жеткендигин жазган. Жүргүнчү саны жана боштукту толтуруудагы өсүү Түркияга жана түрк аба жолдоруна болгон талаптын өсүшүнүн жылдын акырына карай да улантылгандыгынын негизги көрсөткүчү болду.

«Стар» гезити «Жылдын акыркы жана эң чоң визуалдык кубулушун Түркиядан көрүүгө болот» деген кабарында жылдын акыркы жана эң чоң визуалдык кубулушу деп аталган «Геминид» башкача айтканда «Эгиздер» метеорит жамгырынын 13 – 14 -  декабрда эң жогорку чегине жетерин жазган. Саатына 100го жакын метеорит атмосферага  кирген бул кубулуш Түркиядан эч бир прибор болбостон эле кечки саат 21:00дөн эрте мененки сааттарга чейин байкала алат.



Тектеш кабарлар