Түрк басма сөзү-22.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматттар.

1073793
Түрк басма сөзү-22.10.2018

«Сабах» гезити «TUSAŞ «Атак» менен Африкага чыгат» аттуу маалыматында Мароккодо 24-27-октябрь күндөрүнүн аралыгында өтө турган иш-чарада Т129 Атак тик учактары учуу өнөрлөрүн көрсөтө турганын жазган. Түрк авиация жана космостук өнөр жай (TUSAŞ) Мароккодо өтө турган Маракеш Airshow иш-чарасына  катышат. TUSAŞтан жасалган маалымдоого караганда аты аталган иш-чарада Т123 Атак чабуул жана тактикалык чалгындоо тик учактары учуусун көрсөтөт.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору, 3-аэропорттон учуулар үчүн билеттер сатыла баштады» аттуу маалыматында Стамбулдагы Жаңы аэропорт, Түрк аба жолдорунун интернет барагындагы учуучу жерлеринин арасына кошулду жана онлайн билет сатууларын баштаганын жазган. Жаңы аэропорт системада «ISL» коду менен орун алса, алгачкы жүргүнчү учуусу үчүн 1-ноябрдагы каттамдар тандала алат. Буга караганда жаңы аэропорттон алгачкы каттам 1-ноябрда бейшемби күнү саат 11:10до Анкарага болот. Түрк аба жолдору аэропорттун алгачкы этабы тейлөөгө киргенде бир күндө 5 учуу жана 5 конуу боло турган аэропорттон, ички каттамдарда Анкара, Измир жана Атальяга эки жактуу бирден учууну ишке ашырат.

«Йени шафак» гезити «Япон сушисине түрк оркиносу» аттуу маалыматында япон ашканасынын баш тартылгыс даамдарынан бири болгон сушиде колдонулушу үчүн Эгей жана Жер Ортолук деңиз жээктериндеги дыйкан чарбаларда өстүрүлгөн оркиностордун экспортунан жылдын биринчи 9 айында 56,6 миллион доллар киреше түшкөнүн баяндаган. Эң чоң базар болгон Японияга жасалган экспорт үстүбүздөгү жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18 пайызга өсүп 56 миллион 587 миң долларга жетти. Экспорттолгон оркинос көлөмү 5 пайызга өсүп 6 миң 726 тоннага жетти.

«Хүрриейт» гезити «Бурса карасы 42 өлкөгө экспорттолууда» деген маалыматында Англиянын Королдук үй-бүлөсүнүн ашканасына чейин жектен, өзгөчө Европа, Ыраакы Чыгыш өлкөлөрү жана Орусияда жактырылып желген «Бурса карасы» быйыл 42 өлкөгө экспорттолгонун жазган. Бул азыкка эң көп талап көрсөткөн Германия, Нидерландия, Англия, Франция жана Орусияга экспорт ар бир өлкөгө миң тоннадан ашык ишке ашырылды. Германияга тышкы сатуу, өткөн жылга салыштырмалуу 16,36 пайыздык  өсүү менен 5,5 миң тоннадан 6,4 миң тоннага жетти. Кара анжир Нидерландияга 1650 тонна, Англияга 1468 тонна, Орусияга 1464 тонна жана Францияга 1278 тонна экспорттолду.

«Стар» гезити «Адамдардын мимикалары жергиликтүү система менен анализ кылынат» деген маалыматында Малатиянын технопаркында жасалма аң-сезим темасында эмгектенген фирма, адамдардын сезимдерин жүз мимикаларынан алынып анализ кылынган системаны өнүктүргөнүн маалымдаган. Орто эсеп менен 100 миң жүз мимикасы катталган система, камеранын жардамы менен, өзгөчө калың топтордун жүзүндөгү кубулуштарды системада катталган мимикалар менен салыштырып пайда болгон жыйынтыкты мобилдик ишке ашыруу аркылуу колдонуучусуна дароо жетирет. Фирманын жооптуу кызматкери Тарык Ширежи, системанын мектептерде, митингдерде, мэрияларда, отелдерде, соода борборлррунда жана дүкөндөрдө колдонула алганын белгиледи.



Тектеш кабарлар