Түрк басма сөзү-4.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1062477
Түрк басма сөзү-4.10.2018

«Сабах» гезити «Нидерландиядан Түркияга инвестиция билдирүүсү» аттуу маалыматында Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блоктун расмий сапар менен келген Анкарадан Түркияга инвестиция жасай тургандары тууралуу билдирүүсүн айтканын баяндаган. Нидерландиялык министр, «Түркиянын абдан чоң өнүгүү потенциялы бар. Бул акыркы 10 жылда бизге бир канча жолу көрсөтүлдү. Нидерландияда инвестиция салууну каалаган кишилер бар экенин билемин. Өкмөттөр аралык экономкалык комиссияны ушул үчүн колдонуу жана соода карым-катнаштарыбызды өнүктүргүбүз келет»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «D-8 өлкөлөрүнүн арасында сооданын арттырылышы максатталууда» аттуу маалыматында Өнүгүп келе жаткан сегиз өлкөнүн (D -8) баш катчысы, малазиялык элчи Ку Жаафар Ку Шаари, D-8 өлкөлөрүнүн карым-катнаштрын күчтөндүрүү каалоосуна ээ болгонун белгилеп, «Мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы эки эселентүүнү карап чыгабыз»,дегенин баяндаган. Шаари Стамбулдагы Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропорту менен D-8дин ортосунда август айында кол коюлган жакшы ниет келишимин эске салып, «Бул келишим менен Стамбулдагы «Сабизха Гөкчен» аэропорту, алгачкы тандалган D-8 аэропорту болду»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Химия тармагы экспортто экинчиликке жогорулады» аттуу маалыматында химия секторунун сентябрь айынын экспорту 2017-жылдын сентябрь айына караганда 19,79 пайызга артып 1 миллиард 534 миллион доллар деп белгиленди жана автомобилден кийин Түркиянын эң көп экспортту ишке ашырган экинчи сектору болгонун маалымдады. Сентябрь айында эң көп экспорт жасалган өлкөлөр тизмелөөсүндө алдыңкы орунда 129 миллион 726 миң доллардык экспорт саны менен Испания орун алса, Египет 104 миллион 959 миң доллардык экспорт менен экинчи, Ирак 82 миллион 660 миң доллардык экспорт менен үчүнчү болду.Бул өлкөлөрдөн кийин катары менен Германия, АКШ, Индия, Греция, Сауд Арабия, Италия жана Англия орун алды.  

«Ватан» гезити «Балыкесирдин Сындыргы районунда каолин кени чыгат» аттуу маалыматында дары-дармек, чөнтөк телефону, айнек, жер семирткич, малдын жеми, қагаз, боек, желим, жабыштыргыч, керамика жана сыяда колдонулган, Түркияда 421 миллион тоннадай резерви орун алган каолин кени, эң көп Балыкесирдин Сындыргы районундагы Дүвертепе бассейнинен чыгарылаарын маалымдаган. Каолиндин инвестициялар салынып иштетилген учурунда өлкө экономикасына чоң салым кошо турганы талкууланууда.

«Йени шафак» гезити «АКШлык саякат жазуучусу биринчи орунга Кападокияны койду» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң атактуу саякат жазуучусу Софи Миура, бардык убактардын эң мыкты 5 эс алуу жерин жарыялаганын жазган. Миура: «Кападокия албетте биринчи орунда»,-деди. Софи Миура: «Ал жер өзгөчө. Мени шар туру учурду. Айга мынчалык жакын болуп көргөн эмесмин»,-деди. Софи Миуранын тизмесинде экинчи орунда Черногория Кортор, үчүнчү орунда Словениянын Lake Bledи орун алды.



Тектеш кабарлар