Түрк басма сөзү-17.09.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1050796
Түрк басма сөзү-17.09.2018

«Йени шафак» гезити «Түркия раллиси көздүн жоосун алды» аттуу маалыматында 2018 Дүйнөлүк ралли чемпионатынын 10-жарышы болгон Түркия раллиси Мармарис жана чөйрөсүндө өткөрүлгөнүн жазган. 8 жылдык мөөнөттөн кийин Түркияга кайткан уюштурууга 22 өлкөдөн 68 автомобиль жана 136 спортчу катышты. Уюштурууда даражага жетишкен спортчулардын сыйлыгын президент Режеп Таййип Эрдоган өзү тапшырды.

«Ватан» гезити «Түрк туризм сектору жаңы рекорддорго баратат» деген маалыматында Анталья быйыл туризм жагынан тарыхынын эң мыкты мезгилин өткөрүүдө жана рекорддун артынан рекордду багындырып жатканын жазган. Антальяга быйыл аба жолу менен келген турист саны 10 миллион 47 миң 672 кишиге жетти. Турист саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга, 2016-жылга салыштырмалуу 110 пайызга көбөйдү. Ошондой эле бардык мезгилдердин эң мыкты жылы деп эсептелген 2014-жылга салыштырмалуу 621 миңге көбөйдү. Быйыл Түркиянын туризм кирешесинин 35 миллиард доллар, турист санынын болсо 35 миллиондон ашышы күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Жер Ортолук деңизде даяр турган түрк флоту, мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүгүн дүйнө жүзүнө көрсөттү» аттуу маалыматында Деңиз күчтөрү командирлигинин тандамал бөлүктөрү, улуттук тылдык кемеси «TCG Акарга» тик учактан түшүрүү машыгуусун өткөрдү. Дүйнө күчтөрүнүн согуштук кемелери менен атаандашкан Жер Ортолук деңизде ишке ашырылган машыгуу менен Деңиз күчтөрүнүн эне мекенден алыскы деңиздерде кыймылын жүргүзө алуу мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн дүйнө жүзүнө көрсөттү.

«Хабер түрк» гезити «Жерар Депардье; Түркия атуулдугун алам» аттуу маалыматында 2013-жылы Орусиянын атуулдугуна өткөн атактуу француз актеру Жерар Депардье, октябрь айында Түркияга келе турганын жарыялаганын жазган. Атактуу актер президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганын билдирди жана Түркия жарандыгын алууну каалаганын айтты. Жерар Депардьенин Орусия жана Алжир атуулдугу бар.

«Хүррийет» гезити «Даяр кийим экспортчулары парижге жол тартышты» аттуу маалыматында Түркиянын конфекция секторунун дүйнөнүн эң престиждүү текстиль жана даяр кийим жарманкеси катары кабыл алынган Premiere Vision (PV) Manufacturing Paris жарманкесине 29-фирма менен катышууга камданып жатканын баяндаган. 2018-жылдын сегиз айында 611 миллион доллардык экспорт жасаган Түрк конфекция сектору, 2018-жылдын акырында 1 миллиард чегинен ашууну максаттап жатат. Жарманке 19-21-сентябрь күндөрүнүн аралыгында өтөт.



Тектеш кабарлар