Түрк басма сөзү-25.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

999493
Түрк басма сөзү-25.06.2018

«Стар» гезити «Алгачкы мамлекет башчы» темасы менен берген маалыматында 2017-жылдын 16-апрелинде болгон элдик добуш берүү менен Президенттик Өкмөт системасына «макул» добушун берген Түркиянын жаңы системанын алгачкы президенти катары да Режеп Таййип Эрдоганды шайлаганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Эрдоганга телефон чалган ЕБнин алгачкы лидери» деген маалыматында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын ЕБне мүчө өлкөлөрдүн арасынан Эрдоганды куттуктаган алгачкы лидер болгонун маалымдаган. Бир топ дүйнөлүк лидер да президент Эрдоганга телефон чалып шайлоодогу ийгилигинен улам куттуктады.

«сабах» гезити «2030-жылы турист саны 90 миллиондон ашат» аттуу маалыматында Түркия 2030-жылы 90 миллиондон ашып, дүйнөдө эң көп труист тарткан төртүнчү өлкө болоорун баяндаган. Туризмдин түрлөнүшү менен катар Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн Түркияга кызыгуусу да бул өсүүнү камсыздайт.

«Хабер түрк» гезити «Анталья туризминде 23-апрель рекорду» аттуу маалыматында 2018-жылы рекорддор менен башталган Анталья туризми, жаңы рекорддун да ээси болгонун баяндаган.  Шаарга 23-июнда аба жолу менен 79485 турист келди. Анталья бир күндө шаарга келген турист саны жагынан бардык убактардын рекордуна жетишти.

«Хүррийет» гезити «Түндүк Корея 500 чакты түрк аскеринин сөөгүн Түркияга кайтарып берет» деген кабарында Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда болгон саммиттен кийин Түндүк Кореяда каза болгон жана күбөлүгү белгиленген аскерлердин сөөгү өлкөлөрүнө тапшырылат жана согуш туткундары менен жоголгон кишилер табылааары макулдашылганы маалымдаган. Тарыхый келишимден кийин Түркия 1950 – 1953 -  жылдарда Корея согушунда каза болгон жана сөөгү Түндүк Кореяда калган аскерлердин сөөгүнүн тапшырылышы үчүн расмий  сүйлөшүүлөрдү баштады. Түркия, Корея согушунда курман болгон жана сөөктөрү ал өлкөдө табылган 500 чакты түрк аскеринин расмий түрдө тапшырылышы үчүн расмий жолугушууларын өткөрүүдө.



Тектеш кабарлар