Түрк басма сөзү-7.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

988054
Түрк басма сөзү-7.06.2018

«Йени шафак» гезити «Түркиянын Грециянын президентине каршылык көрсөтүүсү» аттуу маалыматында Түркия, Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Европа Биримдигинин экология программасы туурасындагы сөздөрүнө байланыштуу «Бул билдирүүлөрдүн эч бир укуктук күчү жок. ЕБнин Эгей маселелери багытында Грециянын саясий бузукулуктарына инструмент болбоосу жөнүндөгү эскертүүбүздү кайталайбыз»,делгенине орун берилди.

«Хүррийет» гезити «Боздаг: FBI изилдөө баштатты, бирок...» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздагдын «АКШ, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүн (ФЕТӨ/ПДЙ) коргоодо жана колдонууга аракет кылууда. Аларга үн катуудамын. Түркияга каршы колдоно албайсыздар. Алар колдонулуу жөндөмдүүлүгүн жоготушту. АКШнын федералдык териштирүү кеңсеси (FBI) изилдей баштады АКШдагы иш-аракеттери боюнча. Бирок биз Түркиядагы төңкөрүш аракетине карата териштирүү баштатуусун каалайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Столтенберг Манбиж жол картасы боюнча макулдашууга жетишкендерине ыраазымын» деген маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Түркия жана АКШнын Манбиж жол картасы боюнча макулдашуусун ыраазы болуп кабыл алганын айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түрк мобилдик оюн дүйнөдө алдыңкы 10дун катарына кирди» аттуу маалыматында эки түрк инженер өнүктүргөн мобилдик автомобиль оюну 6 күндүн ичинде дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүдө 4 миллион киши тарабынан көчүрүлүп алынганын жазган. Оюн 22 өлкөдө эң көп ойнолгон алдыңкы 10 оюндун катарына кирди.

«Сабах» гезити «100 пайыз толду» аттуу маалыматында Эгей аймагынынын маанилүү туризм борборлорунан Айдындын Дидим жана Кушадасы райондорундагы отелдер, мектептер эс алууга чыгышы жана Рамазан айт майрамынан улам мурдатан резервация кылуу менен 100 пайызга жакын толгонун маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар