Түрк басма сөзү-24.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

978295
Түрк басма сөзү-24.05.2018

Сабах гезити «Эрдогандын атуулдарга жергиликтүү акчаңарды валютага алмаштырбагыла деген чакырыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын валюта курсундагы кыймылдуулукка сереп салганын жазган. Президенттик комплексинде уюштурулган ооз ачуу программасында сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Мен бүтүндөй калкыма кайрылуудамын, өзүңүздүн жергиликтүү акчаңызды валютага алмаштырбооңузду өтүнөм»,-деди. Эрдоган: «Жергиликтүү акчабыз менен кыймыл кылууну уланталы. Улутчулдук, жергиликтүүлүк, мекенин сүйүүчүлүк деген ушул. Муну колдоп чыксак эртеңки күндөр биз үчүн дагы башкача болот. Ушул убакка чейин көп сандаган төңкөрүштү башынан өткөргөн Түркия, Алланын жардамы жана элибиздин колдоосу менен бул маселеден да ашып өтөт»,-деп айтты.

Стар гезити «Курстагы чайпалуу Түркиянын экономикалык чындыгы менен шайкеш эмес» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын акыркы күндөрдө курста болгон бир аз олку-солкулуктардын кескин түрдө Түркиянын экономикалык чындыктарына шайкеш келбегенин белгилегенин жазган. «Түркия өткөн жылы 7,4 пайызга өскөн, дагы деле ушул деңгээлде өсүүсүн уланткан өлкө болуп саналат»,деген Эрдоган: «Экспортубуз апрель айынын акырынан баштап 161 миллиард доллардан ашты, жылдын акырында 170 миллиард доллардан аша тургандай көрүнүүдө, туризмде 40 миллиондон ашуун турист, 30 миллиард доллардан ашуун туризм кирешесин күтүүдөбүз, абдан берекелүү сезонго кадам таштадык. Банктарыбызда АКШ, Европадагы окшош мекемелеринин эки эсесиндей күчтүү капитал жетиштүүлүгү бар. Мамлекеттик карыздары 8,4 пайыз болгон улуттук кирешебизге катышы жагынан да өнүккөн өлкөлөрдүн көбүнөн алдыдабыз. Ушундай чөйрөдө валюта курстарынын жогорулоосунун себептерин туура белгилеш керек»,-деди.

Ватан гезити «Түркия энергетика тармагында чоң кадамдарды таштоодо» аттуу маалыматында ТРТнын түз эфир програмамсында күн тартипке сереп салган президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын энергетика тармагындагы секириктери туурасында маалымат бергенин баяндаган. Хаккариде жаңы мунай зат бургулоочу кудуктардын ачыла турганын айткан Эрдоган, атомдук энергия тууралуу Мерсин Аккую электр станциясынын курулуш иштери уланып жатканын, жаңы атомдук станциялардын курула турганын белгилеп өттү. Таза энергия долбоорлорун алдыңкы планга койгондорун айткан Эрдоган, Тарнс Анадолу жаратылыш газ кууру (ТАНАП) менен Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага өткөрө тургандарына басым жасады. Түркиянын шамал энергиясын өндүрүү жагынан жакшы жерге жеткенин белгилеген Эрдоган, күндүн энергиясын өндүрүүдө миң мегаваттык абдан олуттуу кадамды Коньяда таштагандарын айтты.

Йени шафак гезити «Ирандыктар саякат үчүн Түркияны тандашат» аттуу маалыматында АКШнын атомдук келишимден чыгып санкция киргизүү чечимин чыгарган Ирандан Түркияга туристтердин агымы күтүлгөнүн баяндаган. 2017-жылы 2,5 миллион ирандыкты тоскон туризмчилер АКШ жана ЕБнин базарларына санкциялардын себебинен бара албаган ирандык туристтер багытын Түркияга бура турганын божолдогонун маалымдаган. Батыштык туристтерден 35-40 пайызга  дагы көп акча каржылаган ирандык туристтердин алдыбыздагы мезгилде эс алуу үчүн Түркияга чубашы күтүлүүдө. Жылдын алдыңкы 3 айында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында 738 миң кишиси менен Иран биринчи орунду ээледи.

Хабер түрк гезити «Бешикташ, Европада эң көп баалуулукка ээ болгон команда болду» деген кабарында мурдагы эки жыл удаама-удаа чемпион болгон жана акыркы эи жылда Европадагы беттешүүлөрү менен көзгө урунгудай киреше тапкан Бешикташ, Европанын эң көп чоңойгон кулубу болгонун маалымдаган. Дүйнөгө таанымал көзөмөл жана кеңешчилик фирмасы KPMG Football Benchmark  комиссиясынын жыл сайын даярдаган «Европанын элитасы» изилдөөсүнүн акыркы отчетунда Европа футболунун эң баалуу 32 командасы белгиленди. Изилдөөгө караганда Түркия Супер лигасынын эң кымбат клубу Бешикташ 52 пайыздык катышы менен Европанын да эң көп бааланган командасы болду.



Тектеш кабарлар