Түрк басма сөзү 8.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

966399
Түрк басма сөзү 8.05.2018

«Стар» гезити «Дүйнө жүзү ‘one minute’ десе Палестинада зулумдук аяктайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина маселесинин чечилүүсүнө карата: «Качан гана адамдардын бардыгы зулумдукка ‘one minute’ дегендей абалга келгенде, ошондо бул зулумдук аяктайт»,-дегенин билдирген. Стамбулда «Кудустун акыркы кылымы» аттуу даректүү тасманын бет ачарына катышкан Эрдоган, Палестина менен Кудус маселесинин жалгыз гана бир улуттун доосу эмес экенин баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркия Балкандардагы эң күчтүү өлкө» деген маалыматында Сербиянын президенти Александр Вучич, Балкан өлкөлөрүндө коопсуздук жана тынчтыкты камсыздаганы үчүн Түркияга ырахмат айтканын билдирген. Анкарада өткөрүлгөн маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Вучич: «Түркия Балкандардагы эң чоң күч жана эң күчтүү өлкө болуп саналат. Түркиянын эмне ойлогону маанилүү»,-деди.

«Сабах» гезити «Жераблуска кайткан элдин жашоосу калыбына келди» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясынын операциялары аркылуу террордук уюмдардан тазаланган Сириянын Жераблус шаарында кайрадан калыбына келген жашоо шарттары дүйнөлүк басма сөздүн кабарларында берилип жатканын билдирген. Англиялык «Financial Times» мекемеси түрк жооптуу кызматкерлердин чакыруусу боюнча Жераблуска барып, жашоонун ылдам калыбына келгендигине күбө болушту.

«Хабер түрк» гезити «Жикчил террордук уюм ПКК, Манбижден июлда чыгат» деген маалыматында Анкара Сириянын Африн аймагына карай «Зайтун бутагы» операциясынан кийинки биринчи максатынын Манбиж болоорун бир канча жолу билдиргенин жазган. Түрк куралдуу күчтөрү, июль айынын экинчи жумасынан тарта баштала турган Манбиж операциясы үчүн Жераблус-Эл Баб багытында даярдыктарын улантып жатат.



Тектеш кабарлар