Түрк басма сөзү 7.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

965362
Түрк басма сөзү 7.05.2018

«Хабер түрк» гезити «Түркия-Сербия ишкердик форуму» аттуу маалыматында Түркия-Сербия ишкердик форуму, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сербиянын президенти Александр Вучичтин катышуусунда Стамбулда өткөрүлгөнүн билдирген. Эрдоган Түркия менен Сербиянын ортосундагы соода-сатыкка байланыштуу: «2017-жылы соода көлөмүбүз 1 миллиард доллардан ашты, бул санды кыска мөөнөттүн ичинде 2 миллиард долларга, андан соң 3 миллиард долларга көбөйтүүнү максаттап жатабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Орусия менен визалар жарым-жартылай болсо да жоюлат» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Орусия менен визалардын быйыл жарым-жартылай болсо дагы жоюлушу мүмкүн экенин айтканын билдирген. Чавушоглу менчик каналда күн тартипке байланыштуу маалымат берди. Орусияга визасыз саякат темасында да маанилүү билдирүүлөрдү айткан Чавушоглу: «Визаларды быйыл толугу менен болбосо дагы, расмий жана кызматтык паспорттор үчүн жоюуну сунушташты орусиялыктар. Жарым-жартылай болсо дагы быйыл визалар жоюлат»,-деди.

«Ватан» гезити «Дөө шаалар артка кайтууда» аттуу маалыматында дүйнөдөгү эң ири круиздик компаниялар багытын кайрадан Түркияга бургандарын билдирген. Круиздик «Royal Caribbean» компаниясынын эң люкс кемелеринин арасында турган «Azamara Journey» 15-майда Кушадасына келет.

«Йени шафак» гезити «Грузиянын айыл чарба техникалары Түркиядан» аттуу маалыматында Грузия менен түзүлгөн жакын диалог өз түшүмүн бере баштаганын билдирген. Грузиянын Айыл чарба министрлиги тарабынан дары чачуучу унаалар үчүн жарыяланган тендерди түркиялык компания утуп алды. Жалпы 2 миллион 622 миң лиралык тендер менен Түркия Грузияга ири экспорт жасаган болду. Бул команиянын Самсундан жүктөлгөн унаалары Грузиянын министрлик кызматкерлерине тапшырылды.

«Сабах» гезити «Вакыфбанк Европа чемпиону болду» деген маалыматында Түркиянын Вакыфбанк командасы волейбол боюнча Чемпиондор лигасынын финал мелдешинде Румыниянын өкүлү Алба Блажды 3-0 эсебинде жеңип 4-жолу Европа чемпиону болгонун билдирген. Түркиялык команда төрт чемпиондукка тең эч жеңилбестан ойноп жетишти. Президент Режеп Таййип Эрдоган Вакыфбанк командасын бул ийгилигинен улам куттуктады.



Тектеш кабарлар