Түрк басма сөзү-27.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

959826
Түрк басма сөзү-27.04.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган, Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүүчү мекемесине колдоо көрсөтүү темасы каралган жолугушууда, Сирияда акыркы абалдар туурасында пикир алмашышты.

«Стар» гезити «Алыс аралыкка атуучу ракета Бора-2 жасалып чыгат» деген маалыматында Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаниклинин Бора-2 ракеталык системасынын деталдары жана аралыгынын алдыдагы күндөрдө жарыялана турганын айтканын маалымдаган. Жаникли Түркия Улуттук Улуу Жыйынында бул гезитке берген маалыматында 2017-жылы сыноо иштери ийгиликтүү аяктаган 280 км аралыкка уча алган алгачкы улуттук ракета Бора-1дин Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) инвентарына кошулганын, бул ракетанынын дагы алыс аралыкка жана өнүккөн технологияга ээ болгон версиясы Бора-2 үчүн да иштер башталганын айтты.

«Стар» гезити «Түркия, Учкучсыз учуучу аппараттардын моторун сатат» деген маалыматында учкучсуз учуучу аппарат моторлорундагы чет өлкөгө көз карандылыкты жоюш үчүн ийгиликтүү кадамдарды таштаган Түркиянын жакынкы убакта чет өлкөдө мотор сатууну максаттап жатканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Түркиянын жергиликтүү дары-дармек чыгаруу аракети» деген маалыматында дары-дармекте жергиликтүү болуу аракети башталганын жазган. Долбоор менен Түркиянын өндүрүп чыгара турган дарыялардын баасы 6,1 миллиард түрк лирасына жетет. Жергиликтүү дары чыгаруу аракетинин эң маанилүү товарлары болсо плазма жана эмдөө болот.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Футбол фендерациясынын,УЕФАнын EURO 2024 жарыштары үчүн талапкерлигин сунуштады» деген маалыматында Европанын Футбол федерациясы Биримдигинин (УЕФА) баш катчысы Теодор Теодористин 2024 Европа Футбол чемпионатынын (EURO 2024) кайсы өлкөдө боло турганынан чечим чыгарып жатканда кыйнала тургандарын айтканын баяндаган. Түркия Футбол фендерациясынын (ТФФ)EURO 2024кө кожоюндук кылууга талапкерлик делосун тапшырышынан кийин жазуу түрүндө маалымат берген УЕФАнын башкы катчысы Теодорис: «ТФФна EURO 2024 делосун тапшыргандары үчүн ыраазычылык билдирем. ТФФнын бул иш-чараны уюштуруш үчүн чоң булак бөлгөнүн билебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар