Түрк басма сөзү 19.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

954652
Түрк басма сөзү 19.04.2018

«Сабах» гезити «Өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылды» деген маалыматында Өзгөчө кырдаалдын 2018-жылдын 19-апрель бейшемби күнүнөн тарта дагы 3 айга узартылышына байланыштуу Премьер-министрликтин уруксат документи, Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Жалпы кеңешинде кабыл алынганын билдирген. Ушундайча Өзгөчө кырдаал жетинчи жолу узартылган болду.

«Ватан» гезити «Йылдырым шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турганын билдирди» аттуу маалыматында 24-июнь жекшемби күнү президенттик, парламенттик жана айыл өкмөт башчыларынын шайлоолору чогуу өтө турганын билдирген. Премьер-министр Бинали Йылдырым Чанкая сарайында маалымат жыйын өткөрдү. Йылдырым: «Өлкөбүз туш болгон жагдайлардан улам шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Ирандын ортосунда соода-сатыкта акча алмашуу үчүн биринчи соода жүгүртүү башталды» деген маалыматында Түркия менен Ирандын ортосунда жергиликтүү акча менен соода кылууда акча алмашуу келишиминин негизинде биринчи соода жүгүртүүнүн башталганын билдирген. Бул система аркылуу евро же долларга көз каранды болбостон соода-сатыктын дагы оңой жүргүзүлүшү максатталууда.

«Хүррийет» гезити «ТАНАПта клапан 30-июнда ачылат» аттуу маалыматында Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу газ кууру ТАНАП долбоорунун аяктап калганын билдирген. Энергетиканын жибек жолу деп сыпатталган бул түтүк жол Түркияга 30-июнда газ берүүгө даяр абалда. ТАНАП аркылуу Европага газ агымы болсо 2020-жылы башталат.

«Йени шафак» гезити «Галатасарай кыздар командасы ФИБА Европа кубогунда чемпион» деген маалыматында Түркиянын баскетбол боюнча Галатарай кыздар командасы, Эл аралык баскетбол федерациясынын Европа кубогунун финалынын реваншында Италиянын өкүлү Рейерге 72-65 упай эсебинде жеңилгенине карабастан биринчи оюндагы 22 упайлык мүмкүнчүлүгү менен чемпион болгонун билдирген.  



Тектеш кабарлар