Түрк басма сөзү-9.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

947304
Түрк басма сөзү-9.04.2018

«Ватан» гезити «Түркия Дума кол салуусун айыптады» аттуу маалыматында Түркия Сириянын Дума шаарында болгон химиялык кол салууну эң катуу түрдө айыптаганын жазган. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Химиялык курал колдонуусу катталганы темасындагы эл аралык коомчулукка маалым болгон режим тарабынан жасалганы жөнүндө күчтүү шек саноо болгону боюнча» Сирияда Думага болгон уулуу газ камтыган химиялык курал кол салуусун катуу айыптады. Анда, Думаны бутага алган жаңы химиялык курал менен кол салуусу болгонун жана бул кол салуунун себебинен көп сандаган киши каза болгону терең кайгыга салганы белгиленди.

«Йени шафак»гезити «Эрдоган; Ванга 15 күндө 169 миң турист келди» аттуу маалыматында АК Партиянын Вандагы облустук конгрессинде элге кайрылган президент Режеп Таййип Эрдоган, «Өткөн жылы туризмде Ван кудум эле секирик көрсөттү. Ванда жаңы мезгилге кадам таштоодобуз. Ванга Ирандан акыркы 15 күндө келген турист саны 169 миңге жетти»,-дегенин берген.

«Хүррийет» гезити «Йылдырымдын мыйзамсыз көч тууралуу маалымдоосу» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Ооганстанга сапарынын алкагында Аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөнүн баяндаган. Ооганстандан Түркияга мыйзамсыз көч толкуну тууралуу маалымат берген өкмөт башчы Йылдырым: «Мыйзамдуу жолдордон келген туугандарыбыздын бизде орду бар. Бирок мыйзамсыз жолдор менен келгендер олуттуу кыйынчылык жаратууда. Ички иштер министрлигибиз абдан түшүмдүү иштеп жатат. Мүмкүнчүлүктөр колдонулуп булардын ыктыярдуу түрдө артка кайтарылуу процесси уланып жатат»,-деди.

«Сабах» гезити «Албайрак: 60 жылдык кыялдануубуз ишке ашууда» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын Стамбулдун Бахчелиевлер районундагы кезектеги 6-райондук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө, «60 жылдык кыялдануубуздун алгачкы атомдук станциябыздын пайдубалы түптөлдү. Түркия бардык ушул ичкеридеги жана тышкарыдагы операцияларга карабастан бутунда тик турат, ишенимдүү кадамдар менен максатына карай баратат»,-деди.



Тектеш кабарлар