Түрк басма сөзү  6.04.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

945923
Түрк басма сөзү  6.04.2018

«Йени шафак» гезити «Премьер  - министр Монголияга кетти» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Монголия жана Афганстан расмий сапарынан мурда  Эсенбога аэропортунда күн тартиби тууралуу маалымат бергендигин жазган. Йылдырым Франциянын президенти Эмануэль Макрондун Сириянын Манбиж шаарына 50 аскер дагы жиберди деген ойлор тууралуу : «Биздин жоопкерчилигибиз белгилүү. Кааласа Манбиж болсун, кааласа Евфраттын чыгышы кааласа батышы болсун, террордук коркунуч бар болгон сайын биз ал аймактарда эч кандай жол бербейбиз. Бул күрөштү улантабыз. Кимдин келгени мааниге ээ эмес»,- деди.

«Ватан» гезити «Боздагдан Тел Рыфат билдирүүсү» деген маалыматында вице  - премьер  - министр Бекир Боздаг менчик бир телекөрсөтүү каналында : «ЙПГ/ПЙД террордук уюмдары Сириянын Африн аймагынан кандай тазаланган болсо эми Тел Рыфат аймагынан тазаланат»,- дегендигин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Челик союздаштык формасын ЙПГ террористтерин машыктырып жатканда көрүүнү каалабайбыз» деген кабарында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Париждеги жолугушууларынын негизинде Франциянын тышкы иштер министри Жан Ив Лө Дриан менен жолугушкандан кийин пресс – жыйын өткөргөндүгүн жазган. Челик Түркиянын союздашы болгон Франция менен Башар Асаддын позициясы тууралуу көптөгөн ортоктуктардын бар экендигин белгилеп : «Кайсы бир союздаштардын аскердик формасын ЙПГ террористтерин машыктырып жатканда көрүүнү каалабайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Диярбакырда нефть табылды» деген маалыматында борбору Австралия болгон Trans Atlantic Exploration Mediterranean International Диярбакырда нефть табылгандыгын билдиргендигин жазган. Фирма нефть иштетүү уруксаты үчүн  дароо кайрылууда болду.

«Хабер түрк» гезити «Кытай миллиард долларлык түрк тендери үчүн акчаны даярдады» деген маалыматында Кытай мамлекеттик фирмасы HT Күн энергиясы акционердик фирмасынын Түркия башкы директору Робин Хи жаңыланууга боло турган энергия булактары тармагына кызыккандарын белгилеп : «1 миллиард долларлык инвестицияны эсептедик, муну ишке ашырууну максат кылуудабыз»,- дегендигин билдирген. Хи күн энергиясы жана технологиялары жарманкеси Соларексте Түркиядагы 600 мегават көлөмүндөгү күн паннели заводдору менен сектордо лидер экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар