Түрк басма сөзү-4.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

944548
Түрк басма сөзү-4.04.2018

«Ватан» гезити «Тарыхый күн! Аккую атомдук станциясынын пайдубалы түптөлдү» деген маалыматында Түркиянын алгачкы атомдук станциясы боло турган Мерсин Акккую атомдук станциясынын пайдубалы, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Валдимир Путиндин катышуусунда түптөлгөнүн жазган. Пайдубал түптөө аземин утурлай сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Тарыхый бир учурга күбө болуудабыз. Аккую станциясынын пайдубалын бүгүн бул жерде Путин менен бирге түптөөнүн кубанычына бөлөндүм. 2017-жылы 7,4 пайызга өстүк. Республиканын 100-жылында дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынан бири болууну максаттап жатабыз. Бул абал энергетика муктаждыгыбыздын артышы түшүнүгүн берет. Энергия коопсуздугунун өнүктүрүлүшү максатына карай энергетиканын бардык тармактарына инвестициялар үзгүлтүксүз уланууда»,-деди. Орусиянын президенти Путин болсо Аккую атомдук станциясынын коопсуз жана чөйрөгө зыянсыз боло турганын айтты.

«Сабах» гезити «Эрдогандан орусча твит» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин Аккую атомдук станциясынын пайдуалын түптөө үчүн уюштурулган аземде жолугушканын баяндаган. Азем менен алгачкы бетон аралашмасы төгүлдү. Аземден кийин Эрдоган Твиттер барагынан түркчө жана орусча твит жиберди. Эрдоган, «Өлкөбүздүн 30 жылдык кыялдануусу болгон Аккую атомдук станциясынын Түркиянын өнүгүүсү жана Орусия энергетика кызматташтыгыбыз жагынан тарыхый инвестиция болуп саналат. Бул инвестициянын ишке ашырылышында эмгеги өткөн ар кимге ырахмат айтамын, бардык жооптуу кызматкерлеримди куттуктаймын. Аккую атомдук станциясынын 2023-жылдан тарта иштете баштоо максатыбыз боюнча ар дайым бирге иштөөнү улантабыз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган, С-400 темасында макулдаштык, ал иш бүттү» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин биргелеше маалымат жыйын өткөргөнүн билдирген. Эки лидер С-400 темасына токтолушуп, Эрдоган «С-400 темасында келишим түздүк жана бул дептерди жаптык, ал иш бүттү» десе Орусиянын президенти Путин: «Тапшыруу мөөнөттөрүн кыскартууну чечтик»,-деди.

«Стар» гезити «Путин Анкарада билдирди: «Түркияга С-400 берилиши аскердик кызматташуунун алдыңкы максаты» деген маалыматында Путиндин «Түркияга С-400 берилиши Москва менен Анкаранын ортосундагы аскердик кызматташуунун алдыңкы максаты»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Өзлү, Түркия дүйнөнүн күтүү бөлмөсү болуудан чыкты» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлүнүн Стамбулда катышкан «Секирик жасаган фирмалар» аттуу отчетунун таанытуу жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Мурдагы өнөр жай төңкөрүштөрүн ар дайым байкап келдик, андан кийинки бардык убактарда болсо кемчилигибизди жабууга аракет кылдык. Эми абалдарды трибунадан байкаган, иштин баары бүткөндөн кийин шайкеш келүүгө аракет кылган өлкө эмес, ал өзгөрүүнүн маанилүү актерлорунан бири болобуз. Түркия, дүйнөнүн күтүү бөлмөсүнөн чыккан, 2023-жылдагы көз карашыбыз да 2053-жылдагы көз карашыбыз да бул багытта. Ал көз карашта да бар болгон максаттарын ишке ашырыш үчүн күтүүгө, бекер убакыт өткөрүүгө чыдамыбыз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар