Түрк басма сөзү 23.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

936099
Түрк басма сөзү 23.03.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүндө эки тараптуу жана аймактык маселелерди карап чыгышкандарын билдирди.

«Стар» гезити «Түркиядан АКШга жооп : Манбиждеги план ишке ашпаса, жасала турган нерсе террористтердин жок кылынышы» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анадолу агенттигинин редактордун столунда күн тартибине байланыштуу маалымат бергендигин жазган. Чавушоглу : «Афринди африндиктер башкаруусу керек. Бул үчүн иштеп жатабыз. Ыктыярдуу кайра кайтууларды күтүүдөбүз. Жераблуста кылганыбыздай  кылабыз. План ишке ашпаса  жасалышы керек болгон нерсе террористердин жок кылынышы»,- деди.

«Ватан» гезити «Акар, Афринде эл террордон тазаланган жерлерге кайта баштады» деген кабарында башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акардын Африн аймагында «Зайтун бутагы» операциясында террористтерден тазаланган жерлерге элдин кайта баштагандыгын айтканын жазган. Акар өзгөчө «Зайтун бутагы» операциясы учурунда жараланган 157 түрк куралдуу күчтөрү аскерлери дарылангандан кийин өз каалоолору менен согуш аянтына кайткандыгын белгилеп : «Дүйнөнүн эч бир армиясында болбогон, сыймыктуу, жүрөгү таза кишилер менен кызмат кылуунун сыймыгы менен бакытын жашап жатабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Шимшектен чоң жыйырмалар тууралуу баа берүү» деген маалыматында экономикадан жооптуу вице  - премьер Мехмет Шимшек Аргентинада өткөрүлгөн чоң жыйырмалардын министрлер жыйынынан кийин баа бергендигин жазган. Чоң жыйырмалар жыйындарында глобалдык өсүү каралгандыгын айткан Шимшек глобалдык экономиканын күчтүү экендигин бирок мунун конъюнктуралык өзүнө келүүчүлүктөн келип чыккандыгын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Орусиядан 4 фирмага дагы помидор импорттоо үчүн уруксат чыкты» деген маалыматында Россельхознадзордун басма сөз катчысы Юлия Меланонун журналисттерге берген маалыматында 23 -  марттан баштап 4 түрк фирмасына дагы помидор экспорту үчүн уруксаттын берилгендигин айткандыгын жазган. Орусия 2017 -  жылы ноябрь айында 4 түрк фирмасынан жалпы 50 миң тонна помидор импорттогон.

 

 

 



Тектеш кабарлар