Түрк басма сөзү 20.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

933432
Түрк басма сөзү 20.03.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Орусиянын президенти В. Путинге телефон чалып сүйлөшкөндүгүн жазган. Телефон сүйлөшүүдө Эрдоган кайрадан президент болуп шайланган Путинди куттуктады. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар жана апрель айында Сирия тууралуу Стамбулда өтө турган үчтүк жыйынга да токтолгон президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүн билдиришти.

«Ватан» гезити «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындан АКШ билдирүүсү» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Аль Жазиранын англис тилиндеги каналында күн тартибине байланыштуу абалдар тууралуу маалыматтарды бергендигин жазган. Калын Сириянын Манбиж шаары тууралуу акыркы мезгилде АКШ менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүнө көңүлдөрдү буруп : «Жалпы бир келишимди түздүк. Эми болсо бул келишимдин ишке ашышын күтүп жатабыз. Эгерде ишке аша турган болсо АКШ менен бетме  - бет келбейбиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Йылдырымдан Африн билдирүүсү» деген кабарында премьр  - министр Бинали Йылдырым Бештепе улуттук маданият жана конгресс борборунда сот жана республикалык прокурорлордун чүчү кулак тартуу аземинде сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Премьер  - министр Йылдырым Сириянын Африн аймагынын жикчил террордук уюм ПЙД/ПККдан тазаланышы тууралуу : «Аймакта террордук уюдарга курал жана күч бергендердин бул тууралуу Түркияга сөз сүйлөө укугу жок. Каарман Мехметчик жана Эркин Сирия Армиясынын аскерлери Афринди жана тегерегин террордон тазалады. Террор коркутуусу ортодон жок болгонго чейин күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен улантылат»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия эч кимдин жерине көз тиккен эмес» деген маалымтында Македониянын тышкы инвестициялардан жооптуу мамлекеттик министри Аднан Кахил Карабүктө берген маалыматында Европа Биримдигинин Түркияга Африн эскертүүсү тууралуу : «Жыйынтык Африн алынды. Президент Р. Т. Эрдогандын айтканындай Африн мындан кийинки мезгилде ал жерде жашаган элге тапшырылат. Эч ким кыйналбасын. Түркия эч кимдин жерине көз тиккен мамлекет эмес. Буга биз  ишенебиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулдан 2 айда 15 миллионго жакын жүргүнчү учту» деген маалыматында Мамлекеттик аба аянттарын иштетүү мекемесинин башкы директорлугунун маалыматына ылайык Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропортторунан 2018 – жылдын биринчи эки айында тейленген жүргүнчү саны 2017 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 2 миллион 826 миң 409га артып, 15 миллион 69 миң 27 болду.



Тектеш кабарлар