Түрк басма сөзү 13.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

928361
Түрк басма сөзү  13.03.2018

«Ватан» гезити «Германияда жаңы курулган өкмөттөн жакшы билдирүүлөр» деген маалыматында Германияда жаңы курулган өкмөт Түркияга жакшы кабарларды бергендигин жазган. Германияда Христиан демократтар биримдиги партиясы, Христиан социалдык биримдик партиясы жана Социалдык демократ партиясы жаңы коалиция өкмөтүн курду. Германиянын канцлери Ангела Мрекель бул жерде берген маалыматында Түркия менен Европа Биримдиги катары сүйлөшүү жолун изденүү керектигин айтты. Меркель : «Түркия менен болгон көз караш айырмачылыктарын тоонун артынан туруп бириктире албайбыз. Байланыш каналдары ар дайым ачык болушу керек. Себеби бири бирибизге көз карандыбыз. Түркия Сириядагы согуштан качкан качкындар  тууралуу абдан чоң иштерди аткарды. 3 миллион качкынды кабыл алды. Биз да Түркия менен келишимге баш ийүүбүз керек»,- деди.

«Стар» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы Катарда күч потенциалын көрсөттү» деген маалыматында Доха эл аралык деңизден коргонуу жарманкеси жана конференциясы Катардын борбор шаары Дохадагы Катар улуттук конгресс борборунда башталгандыгын жазган. Жарманкенин ачылышына улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар, коргоо өнөр жайынын кеңешичиси Исмаил Демир катышты. Түркия жарманкеге коргоо жана авиациялык өнөр жай экспортчулар биримдиги жана 33 фирма менен катышууда. Бул фирмалар орун алган аянттын чоңдугу 2 миң 413 метр квадрат.

«Хабер» түрк гезити «Багыт Түркияга бурулду» деген маалыматында круиздердин чоң фирмалары багытын Түркияга буруп жаткандыгын жазган. Стамбул жана Мармара, Эгей, Жер Ортолук деңиз аймактарынын деңиз соода кабинети Измир филиалынан берилген маалыматка караганда 5 – 8-  мартта АКШ Форт-Лодердейл-Флоридадагы Seatrade Cruise Global жарманкесинде круиз секторунун чоң фирмалары менен түшүмдүү сүйлөшүү өткөрүлдү. Маалыматка ылайык дүйнөлүк круиздер чоңу MSC 2019 сезонунан баштап багытын Измир менен Антальяга бурат.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунан тарыхый рекорд» деген маалыматында түрк аба жолдорунун февраль айында ташыган жүргүнчү саны 2017  жылдын ошол эле мезгилине караганда 26 пайызга артып, 5, 1 миллион жүргүнчүгө жеткендигин жазган. Түрк аба жолдору тарыхында биринчи жолу февраль айында 5 миллион жүргүнчү санынан ашты.

 

 



Тектеш кабарлар