Түрк басма сөзү-08.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

906505
Түрк басма сөзү-08.02.2018

«Ватан» гезити «Эрдоган: «Кудус Жаштар борборунун» ардактуу төрагасы болуп шайланды» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Кудус-2018 Исам дүйнөсүнүн жаштар борбору» программасынын камкорчулар кеңешинин ардактуу төрагалыгына шайланганын жазган.

Ислам Конференциясынын диалог жана кызматташтыгынын жаштар форумунун жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, ИКУга караштуу Стамбул борборлуу эл аралык мекеме Ислам Конференциясынын диалог жана кызматташтыгынын жаштар форуму (ИКДКЖФ) менен Палестинанын жаштар жана спорт министрлигинин кызматташуусунда уюуштурулган «Кудус-2018 Исам дүйнөсүнүн жаштар борбору» программасынын ачылышы, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын эгедерлигинде Палестинада жүзөгө ашты.

«Йени шаыак» гезити « Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын «Зайтун бутагы» кыймылы пландалгандай түрдө ийгиликтүү уланууда» аттуу маалыматында  Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын басма сөзгө берген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында улантып жаткан «Зайтун бутагы» кыймылы пландалгандай түрдө ийгиликтүү уланып жатканын белгилеп, миң чакты ПЙД/ПКК террористинин жок кылынганын айтканын жазган.

«Стар» гезити «Түрк аскеринин Аден булуңундагы кызмат мөөнөтү узартылды» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) деңиз бөлүктөрүнүн Аден булуңу, Сомалинин деңиздери жана жээктери, Араб деңизи жана чектеш аймактарда кызмат мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу боюнча Премьер-министрликтин уруксат документи, Түркия Улуу Улуттук Межлисинин жалпы жыйынында кабыл алынды.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу Иранда» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун расмий сапар менен Ирандын борбор шаары Тегеранга барганын билдирген. Жолугушуулары убагында Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен жолуккан Чавушоглу андан соң Ирандын президенти Хасан Рухани тарабынан кабыл алынды. Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана актуалдуу аймактык темалар каралды.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдиги боюнча министр Челиктин виза билдирүүсү» аттуу маалыматында Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челиктин визасыз тартип боюнча маалымат бергенин жазган. Ал Түркиянын 72 критерийдин бардыгын орундатканын маалымдады.

 

 



Тектеш кабарлар