Түрк басма сөзү-18.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

891502
Түрк басма сөзү-18.01.2018

«Хүррийет» гезити «Боздаг: Түркия сабырынын акыркы баскычына келди» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздагдын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөргөнүн жазган. Боздаг, Түркиянын ПЙД/ЙПГ террор уюмуна карай ыктымалдуу Африн операциясы тууралуу, «Бул улуттук коопсуздугубузга ачык түрдө коркунуч болуп жатат.Түркия улутунун жана мамлекетинин коопсуздугу үчүн чоң коркунучу болгон кадамдарды таштоодон тартынбайт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглуна орус кесиптеши Сирия тууралуу телефон чалды» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Анда орус тарабынын талабы боюнча өткөн сүйлөшүүдө Сириядагы абалдар, Сочиде айдын акырында чогулуусу пландалган Сириянын улуттук макулдашуу жыйналышы жана Сирияда Асад режиминин ок атышпоону бузуулары тууралуу пикир алышуу болгонун маалымдаган.

«Втан» гезити «Түркияга акча агат. Ири инвестициялар келе жатат» деген маалыматында Европанын архитектура жана өнүгүү банкынын (EBRD) төрагасы Сума Чакрабатинин 18-19-январь күндөрүндө Түркияга жасай турган сапарынын алдында маалымат берип, «Түркияда быйыл 1,5 миллиард евролук күчтүү инвестициябыз боло турганын ойлоодомун. Түркия биздин чоң базарыбыз. Түркиядагы акыркы 3 жылда бардыгы 5,4 миллиард евролук инвестиция жасаптырбыз. Түркияда өткөн жылдын акыркы 3 чейрегинде гана өсүү абдан таасирдүү болду. Келечекке карай көрүнүш абдан жакшы»,деп айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору менен Эйр Молдованын ортосунда биргелешкен каттам келишимдери» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору менен Молдованын эң ири аба жолу фирмасы менен код бөлүшүү келишимине кол коюлганын жазган.

«Стар» гезити «Сиирт, 2018-жылдын эл аралык EMİTT туризм жарменкесине даяр» аттуу кабарында Сиирт 25-28-январь күндөрүнүн аралыгында (EMİTT) Бейликдүзү жарманке жана конгресс борборунда боло турган Чыгыш Жер Ортолук деңиз эл аралык туризм жана саякат жарманкесинин даярдыктары аяктаганын баяндаган. Жыл сайын ар башка тармактарда сыйлыкка ылайык көрүлгөн Сиирт губернаторлгунун павильону быйыл да тарыхый Улу Жами менен Тилло айнек терас концепти менен кыдыргандардын көңүлүн бурат.

 



Тектеш кабарлар