Түрк басма сөзү-9.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

884599
Түрк басма сөзү-9.01.2018

«Ватан» гезити «Оолуккан долбоор Канал Стамбул даяр» аттуу маалыматында Түркиянын 2023-жыл максатына карай жолундагы чоң долбоорлордон бири Карадеңизди Жер Ортолук деңизге кошкон Канал Стамбул үчүн багыт жана резерв салуу планы бүтүрүлгөнүн маалымдаган. Буга караганда Канал Стамбулдун  узундугу 45,2 км болот. Стамбулдун Босфор кысыгынан соодалык емелер 1936-жылы кол коюлган Монтрё келишимине ылайык өтүүдө. Келишим түзүлгөн мезгилде Босфордон жылына 3 миң кеме өтчү. Бирок бул сан бүгүнкү күндө 50 миңге жетти. 2030-жылы 65 миңге, 2050-жылы 100 миңге жете турганы божомолдонууда. Анда чындыгында Суец каналынан жылына 17 миң кеме өтөт. Шаардык транспорт жана балыкчы яхталары менен бирге Стамбулдун Босфор кысыгынын бир күндүк транспорту 2500 унаадан турат.

«Сабах» гезити «Өнөр жай өндүрүшүндө 10 жылдын эң ылдам артышы» деген маалыматында өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде 11,1 пайыздык өсүү менен дүйнөнүн эң ылдам өскөн өлкөсү болгон Түркияда, экономикалык өсүү акыркы чейректе дагы уланганын жазган. Түркиянын Статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда өнөр жай өндүрүшү 2017-жылдын ноябрь айында мурдагы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 7 пайызга, 2017-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 0,3 пайызга өсүү көрсөттү. Өнөр жай өндүрүшү октябрь мезгилинде жылдык көрсөткүч менен алып караганда 7,3 пайызга жана айлык көрсөткүч менен алып караганда 0,7 пайызга өсүү көрсөттү.

«Стар» гезити «EMITT -2018ге кызыгуу күч алды» деген маалыматында Түркиянын эң чоң туризм уюштурууларынан EMITT -2018, чет өлкөдөн чоң кызыгууну тартууда экенин баяндаган. 25-28-январь күндөрүнүн аралыгында каалгаларын ача турган жарманкеге 106 өлкөдөн 900дөн ашуун катышуучу келет. Жарманке 50 миңден ашык кишини тосот. Катышуучу санында болсо өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайыздык жогорулоо бар.

«Йени шафак» гезити «Байыркы ДНКны түрктөр чечмелейт» деген кабарында Европанын Изилдөө кеңешинин неолитикалык доордо Анадолуда жашаган 1500 адамга таандык алгачкы ДНК анализдеринин жасалышы үчүн Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетине 2,5 миллион евролук бюджет бөлгөнүн жазды. Анализделе турган өрнөктөр Түркиянын аймагында ушул убакка дейре жүргүзүлгөн эң кеңири эмгек болот. Эмгек менен генетикалык туугандык жана коомчулуктардын арасындагы ген агымы белгиленет.

«Хабер түрк» гезити «Ак бейиш, байыркы бассейни кызыгуу жаратууда» деген маалыматнда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурстар тизмесинде орун алган Пумуккаледеги Иераполис байыркы шаары миңдеген жылдан бери термалдык дарылоо борбору катары колонулаганын маалымдаган. Анда өткөнү 2800 жыл мурдагыга жеткен Иераполис байыркы шаарындагы бассейн, ичиндеги устун жана мармор таштары менен ичине киргендерди өткөнгө алып барганы сыктуу эле дарылоо касиети  менен да тартууда.



Тектеш кабарлар