Түрк басма сөзү 25.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

875213
Түрк басма сөзү 25.12.2017

«Ватан» гезити «Суданда Кудус билдирүүсү: бүткүл адам баласынын маселеси» аттуу макаласында Суданга Президенттик деңгээлдеги алгачкы сапарды жасаган президент Режеп Тайип Эрдоган: «Кудус эми бүткүл адам баласынын маселесине айланды, Түркия элчилигинин Кудуста экендигин айта кетким келет. Биздин биргелешкен кадамдарыбыз менен бирге 128 өлкөнүн колдоосу жана АКШнын бул жерде 9 гана өлкө менен калганын ойлогондо ортого чындык чыгууда. Канчалык күчтүү болсоңуз да күчтүү болгон акыйкаттык жана акыйкаттык бул жерде да жеңди»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Адыяманга ылдам жүрүүчү поезд сүйүнчүсү» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Адыямандагы АК Партиянын кезектеги облусттук курултайындагы сөз сүйлөөсүндө: «Гөлбашы-Адыяман-Кахтанын ортосунда ылдам жүрүүчү поезд жолун салабыз»,- деп убада кылгандарын белгилеп, бул долбоордун тендеринин жана жерин тапшыруу процессинин башталганын сүйүнчүлөгөнүн билдирген.

«Сабах» гезити «Түрк Телекомго жакшы баа» деген маалыматында Эл аралык насыя рейтингине баа берүүчү мекеме Standart & Poors Түрк Телекомдун насыя рейтингин инвестиция салса болот деген деңгээлге «3В-» деп жаңылаганын билдирген. Standart & Poorsтун баа берүүсүндө Түрк Телекомдун негизги базар рыногунда күчтүү лидердик позициясында экенин эске салып, бул компаниянын кеңири тармактык базиске, жакшы өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө жана бекем кирешеге ээ экенин белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түрк инженеринин ойлоп табуусу» аттуу макаласында Самсунда түрк инженерлери, бул тармакта Германиянын монополиясы болгон жана 850 еврого сатып алынган трамвайлардын ылдамдык сенсорлорун өнүктүрө алгандарын билдирген. Сенсорго 750 лира сарпталды.

«Стар» гезити «Биринчи жолу түрк тилинде сахналаштырылат» аттуу маалыматында дүйнөнүн маанилүү театр текстерин коюп берген DasDas, жаңы жылда эл аралык чыгарылышты жетектей турганын билдирген. Көп сандаган өлкөдө коюлган «Жалбаргандар» аттуу театр оюну биринчи жолу түрк тилине которулуп театр сүйүүчүлөргө тартуулат.



Тектеш кабарлар