Түрк басма сөзү-14.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

868631
Түрк басма сөзү-14.12.2017

«Йени шафак» гезити «Ислам Кызматташтык Уюмунун тарыхый чечими; Кудус Палестинанын борбор шаары!» аттуу маалыматында АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануу токтомуна каршылык көрсөткөн Ислам өлкөлөрүнүн лидерлери кечээ Стамбулда жолуккандарын маалымдаган. ИКУнун кезексиз жыйналышы президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен ишке ашты. Саммитке 16 лидер деңгээлинде 48 өлкөдөн катышуу болду. АКШнын токтомун укуксуз деп тааныган Эрдоган: «Израиль баскынчы мамлекет, ошол эле учурда террор мамлекети»,-деди. Саммитте президент Эрдогандын Кудус чакырыгы ташка тамга баскандай жайгашты. «Кудусту Палестинанын борбор шаары деп тааныйлы»,-деди. Саммиттен тарыхый токтом чыгып, Ислам Кызматташтык Уюму Чыгыш Кудусту Палестинанын борбор шаары деп тааныды.

«Хүрррийет» гезити «Анкарадан Трамптын кеңешчисине катуу айтылды; Таң калычтуу жана негизсиз» деген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трмаптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси МакМастердин, «Түркия жана Катардын радикалдык идеологиялардын жаңы демөөрчүлөрү болгону» жөнүндөгү Түркияны бутага алган айтымдарга тышкы иштер министрлиги жооп бергенин жазган. Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында айтымдар үчүн «таң калычтуу, негизсиз жана кабыл алынгыс мүнөздө»,делди.

«Хабер түрк» гезити «Aselsan жана TAI курал сатууда 5 орунга дароо жогорулады» аттуу маалыматында дүйнөдөгү курал сатуулар 2010-жылдан бери алгач ирет артканын белгилеген. Стокгольмдогу Эл аралык Тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIPRI)   отчетуна караганда дүйнөнүн эң чоң 100 коргоо өнөр жайы фирмасы 2016-жылы 374,8 миллиард доллардык курал, аскердик шайман жана кызмат сатуусун ишке ашырды. SIPRI көрсөткүчтөрүнө караганда түрк фирмаларынын сатууларында да 27,6 пайыздык өсүү көрүндү. Отчеттогу алдыңкы 100 фирманын арасында Түркиядан 2 фирма бар. Булардан Aselsan 5 орунга дароо жогорулап 67чи, TAI да 5 орунга жогорулап 76-орунга чыкты. Бул мезгилде Aselsan 1 миллиард 220 миллион доллардык сатууну ишке ашырса, TAI 1 миллиард 120 миллион доллардык курал сатты.

«Сабах» гезити «Чет өлкөлүктөр ден-соолугун Түркияда чыңдап жатат» аттуу кабарында акыркы жылдарда саламаттык сактоо туризминде секирик жасаган Түркия, үстүбүздөгү жылдын 11 айында бардык убактардын рекордуна жетиштикенин маалымдаган. Түркия Саламаттык сактоо туризми кеңешинин көрсөткүчтөрүнө караганда январь-ноябрь мезгилинде Түркияга 751 миң саламаттык сактоо туристи келди. 11 айда 2015-жылдын сандарынан ашылып өтүлгөнүн белгилеген Түркиянын саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүү кеңешинин ...куруучу төрагасы Эмин Чакмак: «Биз быйыл үчүн 750 миң бейтапты максаттаганбыз, мындан аштык. Жылдын акырына дейре 760 миң кишиге жете турганбызды жана кирешебиздин да 7 миллиард түрк лирасынан аша турганын көздөөдөбүз»,-деди. Чакмак, 2018-жылы да 800 миң бейтап жана 7,5 миллиард түрк лирасындай кирешени максаттагандарын билдирди.

«Стар» гезити «Байрактар 35 миң сааттан бери нөөмөттө» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүүдөгү эң маанилүү элменеттерден бири болгон Байкар тарабынан «100 пайыз жергиликтүү жана атайын долбоорлоо» катары чыгарылган «Байрактар ТВ2» учкучсуз учуучу унаа 35 миң саатын ийгиликтүү аткара алды.



Тектеш кабарлар