Түрк басма сөзү-5.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

861608
Түрк басма сөзү-5.12.2017

«Хүррийет» гезити «Инвестиция үчүн каалаган чыгарат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Анкарада «Тоскоолдуктарды ашкандардын жолугушуусу» аттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, «Менин капитал айлануусуна чектөө киргизүү жөнүндө буйругум жок. Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) сыяктуу, ПКК сыяктуу террор уюмдарына байланыштуу акчаларды чет өлкөгө чыгарып кеткендер ансыз деле бар. Менин айтканым ишкерлерибиз жергиликтүү жана улуттук позицисын көрсөтүшү керек»,-дегенин баяндаган. Эрдоган: «Түркия эркин базар экономикасына ээ өлкө. 1989-жылдан бери каалаган ар ким чет өлкөгө акчасын чыгарып кетүү укугу бар, шексиз ошондой да уланууда»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Чыгыш Кара деңизден 112 өлкөгө экспорт жасалды» аттуу маалыматында Чыгыш Кара деңиз Экспортчулар ассамблеясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмед Хамди Гүрдогандын Чыгыш Кара деңизден үстүбүздөгү жылдын 11 айлык мезгилинде 112 өлкөгө экспорт жасалганын белгилегенин жазган. Гүрдоган жазуу түрүндөгү жарыясында жооптуу болгон аянттардан; Трабзон, Ризе, Артвин жана Гүмүшханеден январь-ноябрь мезгилинде 1 миллиард 297 миллион 797 миң доллардык экспорт жасалганын белгиледи.

«Сабах» гезити «Түрк фирмасы автомобиль жаатында жасалма аң-сезимдин үстүндө иштеп жатат» аттуу кабарында ДизайнВип фирмасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Эрбакан Малкочтун автомобиль жаатында ушул учурда жасалма аң-сезим, галограмма сыяктуу жаңы технологиялардын үстүндө иштеп жаткандарын белгилеп, «Үн менен механизмге буйрук берген, жооп алган жана унаа менен сезимдик байланыш курган технологияны ансыз деле ишке ашыруудабыз. Эми муну жасалма аң-сезим менен бириктирип, секунданын төрттөн биринде 100 миң сайтты бири-бири менен кайчылаштырып эң туура маалыматты алабыз. Мисал үчүн унаанын ичинде бирөө кытайча сүйлөсө мен түркчө угам, мен түрчө сүйлөсөм ал кытайча угат. Үн жыштыгын абада алмаштырабыз»,деген серебин салганын маалымдаган.

«Йени шаак» гезити «Шамал турбинасынын канатын долбоорлошту» деген маалыматында Сакария университетинин инженердик факульетинин инженердик бөлүмүнүн окутуучусу доц.др.Экрем Бүйүккая жана долбоор командасындагы студенттери тонналаган массага карабастан чукул маневр жасоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон чоң киттин катанынан илхом алып жаңы муундагы турбина канатынын долбоорун өнүктүрүшкөнүн белгилеген. Студенттер ушул эмгеги менен товар өнүктүрүү категориясында финал баскычында жеткен 32 долбоордун арасынан биринчиликке ээ болду.

«Ватан» гезити «Бейтуллах дүйнө чемпиону» аттуу кабарында майып улуттук суучул Бейтуллах Эроглу, ийгиликтерине дагы бирөөнү кошуп Дүйнөлүк майыптардын сууда сүзүү чемпионатындагы карьерасында алгачкы дүйнөлүк чемпиондугуна ээ болгонун жазган. Эл аралык паралимпикалык комитетинин маалыматына караганда Мексиканын борбор калаасы Мексикодо уюштурулган мелдеште улуттук спортчу 50 метрге көпөлөкчө сүзүүдө 38,35 секунддук даражасы менен атаандаштарын артка калтырып алтын медалды жеңип алды. Бейтуллах 100 метр эркин сүзүүдө болсо 4-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар