Түрк басма сөзү-21.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалысматтар.

851900
Түрк басма сөзү-21.11.2017

«Ватан» гезити «НАТОнун абройлуу мүчөсүбүз» аттуу маалыматында Министрлер кеңеши кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Бештепедеги Президенттик комплексинде чогулганын жазган. Орто эсеп менен 2 саатка созулган жыйналыштан кийин вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг ачыктоо жасап, суроолорго жооп берди. Боздаг, Норвегиядагы НАТО машыгуусунда болгон чатактуу окуя тууралуу, «Бул окуя жалгыз гана кишилер менен түшүндүрүлө турган абал катары каралбайт. Бул окуянын жаап жашырылбашы керектигин да так айтуудабыз. Бул окуя Түркияга зыян тийгизүү үчүн айрымдарынын НАТО менен кошо айрым платформаларды колдонгусу келгенинин жаман мисалы болду. Түркия, НАТОнун абройлуу мүчөсү. Мындан кийин да абройлуу мүчөсү катары салымдарын кошуусун улантат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Исмаил Кахраман кайрадан парламент төрагалыгына шайланды» деген маалыматында Түркия Улуу Улуттук Парламентинин 26-чакырылышынын экинчи жарымында кызмат кыла турган төрага болуп шайланганын маалымдаган. Парламенттин Жалпы кеңеши шайлоо үчүн чогулду. Баштапкы 2 айлампадагы добуштардын жыйынтыгында көпчүлүк түзүлө алган жок жана 3-айлампадагы добуш берүүдө Исмаил Кахраман кайрадан Парламент төрагалыгына шайланды. Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына кайрадан шайланган Исмал Кахраманды куттуктады.

«Стар» гезити «Сарос булуңунда эки даана калкып жүрүүчү LNG запастоочу бөлүмү процесске киргизилет» аттуу маалыматында энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак, «Хатай-Дөртйол жана Сарос булуңунда дагы эки даана калкып жүрүүчү LNG запастоочу жана кайрадан газлаштыруучу бөлүмдөр (FSRU) процесске киргизиле турганын айтканын баяндаган. Албайрак Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө мунай газ жана мунай затта импортко көз карандылыктын көзөмөлгө алынышы керектигин, бул темада мүмкүн болгон өлчөмдө булак жана багыт түрлөнтүүнүн маанилүү экенинн баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Ыслык дили ЮНЕСКО жолунда» аттуу кабарында түрктөрдүн эң чоң мурастарынан болгон жана учурубузда жок болуу коркунучунда турган айрым салттардын корголушу үчүн Маданият жана туризм министрлиги жакшы бир эмгек баштаганын жазган. Министрлик 4 башка Түрк маданий мурасын да коргоого алыш үчүн кайрылууларын жасады. Министрлик «Ыслык Дили», түрктөрдүн дастандарын түшүндүргөн «Деде Коркут жомоктору», «Салттык түрк жаа атуусу» жана «Жаз куттуктоосу; Хыдреллез» темаларында даярдалган эмгектер менен ЮНЕСКОго кайрылды.

«Хүррийет» гезити «Түрк дөнер, кебаб, пиде залынын «торту» биринчилик алып келди» деген маалыматында бурсалык торт устаты Метин Ташчынын Англиянын Бирмингам шаарында өткөн дүйнөнүн эң ири Кондитер жана тортчулук жарманкесиндеги сынакта 2,5 айга созулган эмгек менен даярдаган «Дөнер, кебаб, пиде залы» торту менен биринчиликти багындырганын жазган.

 



Тектеш кабарлар