Түрк басма сөзү-19.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

830615
Түрк басма сөзү-19.10.2017

«Сабах» гезити «Эрдоган Барзаниге; «Сенин Керкүктө эмне ишиң бар»-деди?» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирактын түндүгүндө аймактын ар башка кишилерден турган түзүлүшүн эске албастан иш-аракетин кылган Түндүк Ирак аймактык башкаруусунун (ИКАБ) тарых алдында жооп бере турганын белгилегенин баяндаган. ИКАБдын башчысы Месуд Барзанинин Керкүктөгү демографиялык түзүлүштү бузууга каркет кылуу ниетине каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Туруп алып Керкүк меники дейт, кайсы укугуң менен муну айтып жатасын. Иракта ушул себеп менен төгүлгөн ар бир кандын жооптуусу аймактык башкаруу болуп саналат»,-деди.Эрдоган: «ПКК сыяктуу кылмышка толгон, канкор башка бир террор уюмуна аянт ачып бергендерди албетте көрмөксөнгө салбайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «5 тууган менен чечилбейт» деген кабарында премьер-министр Бинали Йылдырымдын БУУнун Ооганстан, Палестина, Кипр жана дагы бир топ маселеге чечүүчү жол таба албаганын айтканын жазган. Йылдырым TRT World Форумдун ачылышында: «БУУнун коопсуздук кеңешинин 5 тууганы бар. Бул 5 туугандын бирөө эле өзү жалгыз чечүүчү жолду тизгиндеп коет, экинчиси башка бир маселеде тарап болот, ал да тизгиндейт. Ошондуктан маселелер чечилбейт»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түркия дүйнө жүзүн таң калтырды» деген маалыматында Түркия экономикасынын быйыл алгачкы 2 чейректе 5 пайыздан жогору өсүү көрсөтүп, көптөгөн рейтинг баасын берүүчү мекемелерди божомолдорун жаңылоого алып барганын баяндаган. Эл аралык Валюта Корунун өсүү божомолун эки эселентишинен кийин бул ирет Дүйнөлүк банктан да жаңылоо белгиси келди. Дүйнөлүк банктын Түркия боюнча директору Йоханнес Зутт: «Түркиянын быйылкы өсүү божомолун жогорку ыктымалдуулук менен IMFтин күтүүсүнө окшош түрдө 5-5,1 пайыз деңгээлинде жаңылайбыз. Анткени экинчи чейректе байкаган күчтүү ийгиликтин үчүнчү чейректе да уланышын күтүүдөбүз»,-деди. Дүйнөлүк банктын июндагы отчетунда да Түркияга карай экономикалык өсүү божомолун 3 пайыздан 3,5 пайызга жогорулаткан.

«Стар» гезити «Помидор декабрда Орусияга сатыла баштайт» деген маалыматында Орусия жана Түркиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы жана Орусиянын энергетика министри Александр Новактын төрт Түркия фирмасына 50 миң тонна помидор өткөрүү уруксаты берилгенин жана экспорттордун 1-декабрдан тарта баштала турганын айтканын баяндаган. Новак, орус жана түрк жооптуу кызматкерлеринин 21-октябрда өкмөттөр аралык комиссиянын жыйнылышында тооктун эти жана кызыл эттин да түрк базарына сатылышы темасын карай тургандарын жарыялаган.

«Хүррийет» гезити «Женк Тосун желдей учту» аттуу маалыматында Чемпиондор лигасынын француз өкүлү Монакону атаандаш талаасында 2-1 эсебинде утуп алган Бешикташтын 2 голун тең киргезген Женк Тосунду сурагандар көбөйүп жатканын маалымдаган. 26 жаштагы голчу көрсөткөн ийгилиги менен баасын жогорулата алды. Премьер лиганын трансфер тизмесинде орун алган Женк Тосунду Кристал Паластын машыктыруучусу Дуги Фридман да стадиондон көрдү. Женк Тосун Ньюкасл Юнайтеддин да тизмесинде орун алган.



Тектеш кабарлар