Түрк басма сөзү  13.10.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

826332
Түрк басма сөзү  13.10.2017

  «Стар» гезити «Эрдогандан Батышка билдирүү: күчтүү Түркияга көнөсүңөр»деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын президенттик комплекстеги акимдер жыйынында АКШ башта болуп дүйнөгө маанилүү билдирүү жасагандыгын жазган.

Түркиянын бардык тармакта өнүгүп жатканын көрсөткөндүгүн баса белгилеген Эрдоган : «Күчтүү жана көп тараптуу Түркияны көрө албай жатышат. Өлкөбүздүн бүгүнкү абалын көргүлөрү келбейт»,- деди. Эрдоган АКШ менен Түркиянын ортосундагы виза араздашуусунун мунун эң сонун түшүндүрмөсү экендигин айтты. Эрдоган Түркиянын эми эч кимге муктаж эмес экендигин да белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү куралдар Америка куралдарынан дагы сапаттуу» деген маалыматында президент Эрдогандын : «Мындан кийин биздин полициябыз  Sig Sauer деп аталган курал колдонбойт. Биз эми бул тапанчаларды же дагы узун аралыкка атуучу куралдарды өз өлкөбүздө жасап жатабыз. Себеби алардан алууну уланткан сайын биз жалкоолонуп баратабыз. Биз өз өндүргөндөрүбүз менен аткаралы»,- дегенден кийин бардык көңүлдөр жергиликтүү жана улуттук проектилерге бурулду. Булардан улуттук мылтык MPT-76 дүйнөлүк армиялар колдонгон мылтыктардын жогорку өзгөчөлүктөрү чогултулуу менен жергиликтүү кылып долбоорлонду. MPT-76 НАТОнун бардык тесттеринен өткөн бир гана курал.

«Сабах» гезити «АКШ консулдугу кызматкеринин ФЕТӨ менен байланышынын белгилери» деген маалыматында АКШ элчиси Жон Басс өткөргөн пресс – жыйынында АКШнын Стамбул консулдугунун кызматкеринин Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен дайыма байланышта экендигине байланыштуу далилди көрбөгөндүгүн айтканын жазган. Гезит камоого алынган агенттин ФЕТӨ мүчөсү террористтер менен көптөгөн жолу байланышка өткөндүгүн далилдеген документтерди тапты. Гезиттин берген далилдери телефон сүйлөшүүлөрүнөн турат. Кызыгуу болгон нерсе  бул агенттин ФЕТӨ мүчөлөрү менен эмне сүйлөшкөнүндө болуп жатат.

«Йени шафак» гезити «Түркия Идлибде коопсуз аймакты түзүү үчүн аракетке өттү» деген маалыматында атайын күчтөрдүн чалгындоо иштеринин бүткөрүлүшүнөн кийин алгачкы бөлүктөр түнү менен Идлибге барышкандарын жазган. 8 танк, 50 ок өткөрбөс унаа жана 200гө жакын түрк аскери Сириянын Кефер Лусин аймагынан кирди. Дарет Иззе кыштагына барган конвойдун акыркы барган жеринин стратегиялык мааниге ээ Берекат дөңсөөсү экендиги билдирилди. Бул аймакка кирилгенде коопсуздук үчүн бардык жерлер караңгылатылды. Куралдуу учкучсуз аба унаалары да конвойдун артынан учушту. Конвой өткөн жолдогу аймак калкы түрк аскерине ишеним көрсөтүштү.

«Ватан» гезити «Швециядан Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо» деген маалыматында Швеция өкмөтү Македония жана Түркиянын Европа Бирмдигине мүчөлүк процессин колдоону улантарын билдирди. Швеция өкмөтүнүн расмий сайтынан орун алган маалыматта бул өлкөнүн Чыгыш Европа, Батыш Балкан жана Түркия менен түзүлгөн реформа кызматташтыгынын жыйынтык стратегиясы келишиминин алкагында бул өлкөлөр Европа Биримдигине кошулуу жолунда колдоону, ушундайча аймакта экономикалык, демократиялык жана экологиялык жактан улантууга боло турган өнүгүүгө салым кошууну максат кылууда»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар