Түрк басма сөзү-5.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

821194
Түрк басма сөзү-5.10.2017

«Ватан» гезити «Түрк дөө шаасынын ири келишими» аттуу маалыматында Түркиянын алдыңкы е-соода-сатык сайтынан Hepsiburada.com, сатуу сунуштарынын алынышы жагдайында Goldman Sachs Group менен келишим түзгөнүн жазган. Бул темага тийиштүү Bloomberg International порталында орун алган кабарда Хепсибураданын сатуу сунушутарын Goldman Sachs Group арачылыгы аркылуу ала турганы белгиленди. Дүйнөгө таанымал инвестиция кеңешчилиги жана финансы фирмасынан Goldman Sachs Group бул келишимге Хепсибурадага жасала турган сунуштарды карап чыгуу ролун милдеттенет. eBayда 2011-жылы GittiGidiyorдун 93 пайыздык акциясын сатып алып Түркия базарына кирген болчу.

«Йени шафак» гезити «Болливуддун атактуу жылдызы Аамир Кхан түрк кино жылдыздары менен жолугат» аттуу кабарында Болливуддун атактуу оюнчусу, режиссер жана продюсер Аамир Кхандын Маданият жана туризм министрлигинин чакыруусу менен Стамбулга келгенин баяндаган. Кхан, басма сөз мүчөлөрүнө берген маалыматында көп жылдар бою кооз өлкөгө келүүнү күткөнүн айтып. «Эң акырында Түркияга келдим. Чындап эле абдан бактылуумун»,-деди.

«Сабах» гезити «Мекендештер марка элчиси болот» аттуу маалыматында дүйнөнүн ар тарабында ишин жүргүзгөн түрктөрдүн болушу текстилчилерге кыйыр жол ачып берээрин маалымдаган. Түркиядагы үй текстилчилери, экспортту жана кошумча наркты арттыруу үчүн чет өлкөдөгү мекендештер менен кызматташат. Мекендештерди өкүл кылууну каалаган фирмалар, ушундай түрдө товарларын дагы жакшы соодалап сатышат.

«Сатр» гезити «Узун көпүрө үчүн Гиннесске кайрылуу» деген маалыматында Эдирнедеги Эргене дарыясынын үстүндө орун алган Узун Көпүрөнүн үстүнөн унаа өтө алган дүйнөнүн эң узун таш көпүрөсү катары катталып Гиннесс рекорддор китебине кириши үчүн кайрылуу жасалганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Жаш дарбазачы келечектен үмүт берген 60 футболчунун катарында» деген маалыматында Англиянын The Guardian гезити Алтынорду футбол клубунун 17 жаштагы улуттук дарбазачысы Берке Өзерди келечектен үмүт берген 60 футболчунун арасында көрсөткөнүн баяндаган.



Тектеш кабарлар