Түрк басма сөзү-21.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

811984
Түрк басма сөзү-21.09.2017

«Сабах» гезити «Баллистикалык ракета кадамын ташташыбыз керек» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Нью-Йоркто Блумберг глобалдык ишкердик форумунда Түркиянын Орусиянын алууну пландаган С-400 ракеталык коргонуу системасы тууралуу маалымат бергенин жазган. Анда Эрдоган: «Биздин жаныбызда турган Сирияда С-400 турганда, мен да С-400гө, балким С-500гө ал эмес С-600гө ээ болуунун аракетин кылууга мажбурмун. Булар өзүбүздү коргоого карай ташташыбыз керек болгон кадамдар»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Пушкалар даяр» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Хабур чек ара капкасына жакын жердеги машыгуусу кечээ да уланганын маалымдаган. Чоң бөлүгү танкадан турган көп сандаган аскердик унаалар менен аскерлерк атышкан машыгууда иш машиналары менен казылган жайлар кеңейтилди. Тереңдетилген жайларга айрым броне унаалар жайгаштырылды. Аскерлер үчүн чатырлар тигилди. «Фыртына» пушкалары үчүн 155тик замбирек окторунун атууга даяр абалга келтирилгенин көрсөткөн фотосүрөттөр жарыяланды.

«Ватан» гезити «АКШга экспорт көпүрөсү» деген макаласында Түрк соода борборунун Нью-Йорктогу кеңсеси бүгүн ачылып жатканын баяндаган. Эмпейр стейт имаратына коңшу жайгашкан борбор, түрк фирмаларынын Американы изилдөөлөрүн камсыздайт. Экономика министри Нихат Зейбекчи, Нью-Йорктун эң престиждүү жерлеринен биринде ачылышы жасала турган Түрк соода борборунун экспортчунун АКШ базарына кириүүсүндө маанилүү көпүрө боло турганын белгиледи.

«Стар» гезити «Коньяда мистикалык музыка жаңырат» деген макаласында Түркиядан баштап Ислам аймактарындагы таанымал мистикалык музыка чеберлеринин катышуусунда уюштурула турган «14-Эл аралык Конья мистикалык музыка фестивалы» 22-30-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Коньяда болот. Мевлана маданият борборунун «Султан Велед» залындагы фестиваль 9 күнгө созулат.

«Хабер түрк» гезити «Водафон паркта супер финал» аттуу кабарында УЕФАдан өлкөбүздү дагы, Бешикташты дагы кубандыра турган маалымат келгенин жазган. УЕФАнын башкаруу кеңешинин кечээ Ниондо болгон жыйналышында 2019 УЕФА супер кубогунун мелдештери Бешикташтын Водафон парк стадионунда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар