Түрк басма сөзү 18.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача мааламыттар

809005
Түрк басма сөзү 18.09.2017

«Йени шафак» гезити «Ирактын бөлүнүшүнө уруксат бербейбиз» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдоган 25-сентябрда көз карандысыздык боюнча элдик добуш берүүгө барып аймакты жаңы согуштарга түртүүнү каалаган Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун башчысы Месуд Барзанини катуу сөздөр менен айыптап: «Ирактын бөлүнүшүнө карай бир кадамды сиз таштайсыңар, ал жерде биз сизге «Келиңиз улантыңыз» дебейбиз. Муну канча жолу айттык»-дегенин жазган. БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Эрдоган, Түндүк Ирактагы процесске каршы туруктуу чечимдин 22-сентябрдагы Улуттук коопсуздук кеңешинде чыгарыла турганын айтты.

«Стар» гезити «Элдик добуш берүүнүн өткөрүлүшүндө көөшөрсө «Хабур» чек ара бекети жабылышы мүмкүн» деген маалыматында Барзани башкаруучулугу бардык эскертүүлөргө карабастан көз карандысыздык үчүн референдумду өткөрөбүз деп көөшөрсө, Эрбилге ачылган «Хабур» чек ара бекетинин жабылышы мүмкүн экенин билдирген. Түркия бир тараптан аскердик чара көрүү тандоосун үстөлгө койсо, экинчи тараптан да Эрбил башкаруучулугун «экономикалык» жактан жеңилдеткен жалгыз жер болгон «Хабур» чек ара көзөмөл жайына байланыштуу альтернативаларды ишке ашырууга даярданууда. Ошондой эле түркмөндөргө жаңы соода жолун ача турган түркмөн шаары Телаферге караштуу Замар айылы аркылуу жаңы чек ара бекетинин ачылуусу күн тартипте.

«Сабах» гезити «2018-жылы өсүүнү улантабыз» деген маалыматында премьер-министрдин орун басары Мехмет Шимшектин Түркиянын 5 пайыздын үстүндөгү туруктуу өсүүсүн уланта турганын айтканын жазган. Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын жетекчилигинде Элчилердин Газиантептеги жолугушуусуна катышкан Шимшек: «2018-жыл да өсүүнү уланта турганыбыз жыл болот. Кошумча түрдө АКШ менен Европанын Борбордук банкынын да акчалай жактан кеңейүүсүн улантаарын көрүп жатабыз»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Бал өндүрүүчүлөрдүн конгресси биринчи жолу Түркияда» деген маалыматында Дүйнөлүк бал өндүрүүчүлөр федерациясы тарабынан 1897-жылдан бери уюштурулуп келген Апимондия эл аралык бал өндүрүүчүлөр конгресси, 120чы жылында алгач ирет Түркияда өткөрүлө турганын билдирген.  29-сентябрдан 4-октябрга чейин Стамбулдагы Конгресс борборунда өтө турган иш-чарага 105 өлкөдөн 15 миң кишинин катышуусу күтүлүп жатат. Конгрессте аарылар жана бал өндүрүүчүлүк туурасында ар түрдүү конференциялар уюштурулат.

«Хүррийет» гезити «Римдегиден чоң» деген маалыматында Хатайдын Антакья районунда Рим дооруна таандык ипподром менен храмдын табылганын билдирген. Мунун Римдеги Цирк Максимустан дагы да чоң экени айтылууда. Болжол менен 500 метр узундугунда жана 75 метр кеңдиктеги ипподромдун б.з.ч 1-кылымда курулганы жана 80 миң кишилик экени божомолдонууда.



Тектеш кабарлар