Түрк басма сөзү 14.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

789386
Түрк басма сөзү 14.08.2017

«Акшам» гезити «9дан ашуун өлкө Түркиянын каалгасын чертти» деген маалыматында өткөн жылдын август айында түзүлгөн Түркия мүлк фонду, бир жыл өтпөстөн дүйнөнүн көңүл чордонунда орун алганын билдирген. 9дан ашуун өлкө финансы, энергетика, транспорт-логистика, байланыш-технология, айыл чарба жана азык-түлүк тармактарында 14 компания, 2 лицензия менен жалпы портфель наркы 40 миллиард долларга жеткен жана дүйнөдөгү алдыңкы 20га кирген фонддун каалгасын черте баштады.

«Стар» гезити «Июль айында экспорттун көлөмү рекорддук деңгээлге жетти» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи Түркиянын экспортто быйыл июль айында рекорд жаратканын белгилеп, 2017-жылдын биринчи чейрегинде дүйнөдөгү өнүккөн 20 өлкөнүн арасында эң ылдам өскөн үчүнчү өлкө болгонуна көңүл бурганын жазган. Зейбекчи: «Максатыбыз дүйнөдө алдыңкы он экономиканын бири, ал эми Европадагы биринчи үч экономиканын бири болуу»,-деди.

«Ватан» гезити «Улуттук спутникте кыялдар орундалууда» деген маалыматында улуттук спутник 6Ада иш-чаралардын ылдамдаганын билдирген. Ал үчүн 33 түрк инженери жана 354 жумушчу кызмат кылып жатат. 600 миллион лира сарпталата турган спутникти 2019-жылы космоско учуруу максатталууда. Бүткөрүлгөндө салмагы 4 тонна боло турган спутник, 42 параллель позициясына жайгаштырылышы менен бирге 6А системасы, Түрксат тарабынан Азия, Европа менен Түндүк жана Борбордук Африка материктерине тилкелик интернет, радио-телеберүүлөр, GSM кызматтары жана коопсуз байланыш кызматтарын көрсөтөт.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын шамал энергетикасы өсүүдө» деген маалыматында Түркияда шамал энергетикасына салынган инвестициялардын ылдамдаганын билдирген. Көрсөткүчтөргө караганда өлкөнүн 10 миң мегаватт деңиздин үстүндө, 38 миң мегаватт кургактыкта болуп жалпы 48 миң мегаватттык техникалык-экономикалык шамал мүмкүнчүлүгүнө ээ экени билдирилди.



Тектеш кабарлар