Түрк басма сөзү 11.08.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

788226
Түрк басма сөзү 11.08.2017

«Сабах» гезити «Дүйнөгө күн паннелдерин экспорттойбуз» деген маалыматында энергия министри Берат Албайрактын алгачкы жергиликтүү күн паннелдеринин 2018 -  жыл бүтө электе ишке кирерин белгилеп : «Түрк шамал жана күн паннелдерин жакында аймакка экспорттойбуз. Бир гана Кара деңиз эмес, Жер Ортолук деңизде да нефть изилдөөдө дагы активдүү болобуз. Түркиянын астында, үстүндө эмне бар болсо табабыз»,- деа айткандыгын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Астанага Түркия делегациясы барды» деген маалыматында Казакстан ЕXPOсуна барган түрк делегациясына жетекчилик кылган экономика министри Нихат Зейбекчи : «21 -  кылым  түрк жана казак кылымы болот. Келгиле ортобуздагы тоскоолдуктарды алып салалы»,- дегендигин билдирген. Миң метр квадратка жакын аянтка курулган Түркия павойнунда  өткөрүлгөн түрк күнү үчүн Астанага барган делегацияда экономика министрлигинин жетекчилери, ишкерлер менен бирге «Дирилиш Эртугрул» сериалынын оюнчулары, ырчы Бурай менен Анадолу Атеши бий тобунун бийчилери да бар.

«Стар» гезити» «Эргенени жергиликтүү «Көстебек» куткарат» деген маалыматында Фракиянын 40 жылдык Эргене  баткагын кургатуу үчүн кадамдардын ташталгандыгын билдирген. Улуттук туннель казуу машинасы «Көстебек» менен аракетке өткөн токой жана суу чарбачылыгы министри Вейсел Эроглу : «Эргене дарыясы менен бардык дарыялар тазаланат. Проекти 2019 –жылы бүтөт»,- деген билдирүү жасады.

«Хабер түрк» гезити «629 жылдык коңгуроо Ванга келет» деген маалыматында Ирандын бир музейде көргөзмөгө коюлган 629 жылдык коңгуроону Вандагы Азиз Мариям чиркөөсүнө тапшырарын билдирди. Вандагы Мариям чиркөөсүнө 1388 -  жылы белек кылынган коңгуроо азыркы учурда Ирандын Батыш Азербайжан аймагынын борбору Урумийе шаарындагы Антропологиялык музейинде көргөзмөгө коюлган.

Иран маданий мурас, кол өнөрү жана туризм мекемесинин төрага орун басары Мир Хади Кара Сейит Румяни коңгуроо көргөзмөгө коюлган Урумийе музейине жасаган сапарында коңгуроонун таандык болгон Ванга тапшырыларын билдирди.

«Ватан» гезити «Гулиевден тарыхый алтын медаль» деген маалыматында Азербайжан тектүү улуттук атлет Рамил Гулиев Англиянын борбор шаары лондондо болуп жаткан 16 -  дүйнөлүк атлетика чемпиондугунда 200 метрде жарышып алтын медалды багындыргандыгын жазган. Түркияга алгачкы дүйнөлүк чемпиондукту алып берген Рамил жеңишин түрк жана Азербайжан байрактары менен белгиледи. Ясмани Копелло Эскобар да күмүш медалга жетишип Түркия тарыхында биринчи жолу эркектерде дүйнөлүк чемпиондукта медаль алып берди.



Тектеш кабарлар