Түрк басма сөзү 28.07.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

779620
Түрк басма сөзү 28.07.2017

«Сабах» гезити «Түркия экономикада жакшы жолдо баратат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын экономикада өзүнө келүүнүн улантыларын белгилеп, инвестиция, өндүрүш жана жумуш менен камсыз кылууда оң абалдардын болгондугун айткандыгын жазган.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын борборунда депутаттар менен жолугушкан Эрдоган Түркиянын алдыбыздагы процессте жакшыга бара жаткан экономикасынын дагы жакшы жерлерге келерин айтты. Өзгөчө кырдаалдын чет элдик инвестициялардын алдында тоскоол болбогондугун баса белгилеген Эрдоган убакытысы келгенде өзгөчө кырдаал шылтагынын жоюларын белгиледи.

«Стар» гезити «Биржа жабылуу рекордун 108,391, 71 баллга алып келди» деген маалыматында Биржа Стамбул 100 индекси 108,605, 51 балл менен бардык учурлардын эң жогорку деңгээлине жеткенден кийин кечээки күндү 1, 11 пайыздык артуу менен  жабылуу рекорду болгон 108, 391, 71 балл менен аяктагандыгын жазган.

«Хүррийет» гезити «Чоң проектинин тендерине чоң кызыгуу» деген маалыматында Энергетика жана жаратылыш булактар министрлигинин жаңыланууга боло турган энергия булактары стратегиясынын экинчи проектиси үчүн дүйнөнүн эң чоң 8 шамал турбина өндүрүүчүсү сунуш бергендигин билдирген. Шамал энергиясында миң мегаваттык көлөмдө курулушуна мүмкүнчүлүк бере турган тендер август айынын ичинде бүткөрүлөт. «Шамалдын кызыктуу проектиси» деп аталган шамал энергиясы проектиси тендерине сунуш берген фирмалардын глобалдык шамал базарынын 90 пайызын алышы, проектинин эл аралык тармакта көргөн кызыгуунун жыйынтыгы катары каралууда. Чоң тендерге сунуш бергендердин арасында 4 немис фирмасы да бар.

«Хабер түрк» гезити акыркы жылдарда Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Египет, Катар, Иран жана Иорданияда жарыялана баштаган түрк сериалдары бул өлкөлөрдөгү кишилердин Түркияга каршы сүйүү жана кызыгуусун арттыргандыгын жазган. Өзгөчө Кара деңиз аймагы араб туристтердин каалаган жери болду. Кара деңиз аймагы табияты менен туристтерди өзүнө тартууда. Аймакка келген туристтер жайлоо туризмине чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Сериалдардын да таасири менен түркчө үйрөнө баштаган туристтердин саны да артты. Туристтер кыдырып көргөн жерлердин арасында Узунгөл жана Айдер жайлоосу эң башта турат. Бул жерлерге келген турист саны өткөн жылга караганда 50 пайызга артуу көрсөттү.

«Йени шафак» гезити «Билимдин борбору Стамбул» деген маалыматында Түркия ислам ааламынын билим борбору болот. Стамбулда курула турган жана арапча – түркчө-  англисче билим бере турган Эл аралык ислам университети мусулман дүйнөсүнүн маселелерине чечүүчү жол табуу үчүн иштер аткарылат. 2015 -  жылдан бери курулушу күн тартибинде болгон Эл аралык ислам университети проектиси үчүн даярдыктар кыска убакытта бүткөрүлөт. Университеттин 2019 - 2020 -  жылга чейин курулушу пландалууда.



Тектеш кабарлар