Түрк басма сөзү 24.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

776519
Түрк басма сөзү 24.07.2017

«Сабах» гезити «Түркияга салынган чет элдик инвестицияларда Германия биринчи орунда» деген маалыматында Германиянын Түркияда кызмат көрсөтүп жаткан немис ишканаларына териштирүү башталганы жөнүндөгү айтымдары менен чет элдик инвестициялардын да жолун тороого аракет кылышынын майнапсыз болгонун жазган. Немис ишканалары жана эл аралык капитал Түркиянын 40 жылдык инвестиция көрсөткүчүн референанс кылып алды. Түркияда 56 миң чет элдик капитал, 28 миң да жергиликтүү-чет элдик өнөктөштүккө эгедер болгон ишканалар кызмат көрсөтүп жатса, кырк жылдын ичинде эл аралык капиталдуу компаниялар тарабынан 700 миллиард лиралык инвестиция салынды. Экономика министри Нихат Зейбекчи: «Ишканалар айтымдарды эмес, 40 жылдык ишмердүүлүктү карашат»,-деди.

«Стар гезити «Германиялык туристтер Түркиядан баш тартышпайт» деген маалыматында Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлдин Түркияга каршы билдирүүлөрү, туризм тармагында да маанисиз болгонун билдирген. Германиялык туристтер Немис өкмөтүнүн негизсиз айтымдарына кулак салган жок. Германиянын эң чоң туроператору тобу FTIнин директору Ральф Шиллер: «Түркияга карай эс алуу соодасында азаюу болгон жок. Кардарларда тынчсыздануу болбой эле. Түркия соодасына каралганда учурда дээрлик бардыгы сатылды. Өткөн жылга салыштырмалуу алдын ала катталууда чоң өсүү болду»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Памуккаледеги байыркы бассейн туристтердин көздөгөнү» деген маалыматында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Памуккаледеги тарыхый жердеги бассейн жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирген. Памуккаледе 692-жылы болгон жер титирөөдө устундары кулап калган жана кайнар суунун чогулуусунан улам табигый жолдор менен пайда болгон бассейндин суусунун жылулугу жайы-кышы дебестен 36 градус болуп турат. Күнүнө орто эсеп менен 2 миң 400 киши кыдырган байыркы жерде каалагандар тарыхый бассейнге түшсө болот.

«Йени шафак» гезити «Көзү азиздер үчүн көргөн жилет» деген маалыматында Конияда электр жана электроника инженери Али Башпынар көзү азиздердин жашоосун жеңилдетиш үчүн электрондук жилет ойлоп тапканын билдирген. Кандайдыр бир тоскоолдукка туш болгондо титиреп эскерткен жилет үчүн аны ойлоп тапкан Башпынар: «Бардык система менен бирге 500 грамм болгон жилет, колдонулганда өтө жеңил»,-деди. Майыптардын жашоосун жеңилдетиш үчүн эмгектенген Башпынардын ойлоп тапкан аппараты бир жилет жана көз айнектен турат. Жилеттин артына жайгаштырылган 240 даана кичинекей мотор көз айнектеги камералардан алынган көрсөткүчтөр боюнча иштейт. Ушундайча алдына чыккан нерсенин алыс же жакын экендигин эсептеп адамды эскертүүдө.



Тектеш кабарлар