Түрк басма сөзү-18.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

772993
Түрк басма сөзү-18.07.2017

«Йени шафак» гезити «Террор мамлекетине эч качан уруксат жок» аттуу маалыматында кечээки улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө айрым шериктеш өлкөлөрдүн жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга колдоо көрсөтпөөлөрү боюнча эскертүү жасалганын жазган. Билдирүүдө, «Айрым шериктеш өлкөлөрдүн ПЙД-ЙПГ террор уюмуна берген курал жана ок-дарылардын ПКК террор уюмунан табылып жаткан болушу, Түркиянын булардын ар башка ысымдар астында көрүнгөнү менен чындыгында бир эле уюм болгону темасында атайын ортого салган эскертүүсү жана каршы чыгууларындагы акылуулугун дагы бир жолу тастыктады»,делди.

«Стар» гезити «Түркия Жер Ортолук деңиздеги газ уурдоого бөгөт койду» аттуу маалыматында Жер Ортолук деңиздеги энергетика тирештерине Жер Ортолук деңиздин Кипр бассейни да кошулганын айтты. Рум башкаруучулугу тарабынан дүйнөлүк энергетика дөө-шааларына бир жактуу берилген бургулоо уруксатына Түркия каршылык көрсөттү. Түркия аймакка эки изилдөө кемесин жиберип «оюнда мен да бармын» деди. Европа Биримдигине мүчө 28 өлкөсүнүн бардык жаратылыш газ муктаждыктарын өзү жалгыз көп жылдар бою камсыздай ала турган резервдер, аймактагы эл аралык тең салмактуулуктарды өзгөртө турган жаңы абалга толгон. Бирок күчтүү флот жана аба күчтөрү, аралыктын жакындыгы жана эл аралык укуктун себебинен бардык шарттар Түркияны жактайт.

«Сабах» гезити «Европа Биримдиги Түркияга карата эки жүздүү мамиле кылууда» деген маалыматында Европа Биримдигинин Түркияга карата берген убадаларын орундатпаганын белгилеген Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министи Питер Сзижжарто, «Европада айрым өлкөлөр өзүнүн кемчиликтерин жабыш үчүн Түркияны сындап жатат»,дегенин баяндаган. ЕБнин Түркияга каршы жүргүзгөн эч бир аракетин колдобогондорун белгилеген Сзижжарто, Түркиянын качкындар темасындагы бардык убадаларын орундатып жатканда ЕБнин эч бир убадасын орундатпаганын айтты.

Сзижжарто, «ЕБнин Түркия туурасында терс сөз сүйлөөсүн түшүнө албайбыз. Төңкөрүш аракети террордук кыймыл болчу. Айрым өлкөлөр мунун террор катары карабагандары үчүн мен да аларды айыптаймын. Террор, террор болуп эсептелет. Сенин терроруң, менин террорум деген нерсе болбойт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Катардагы түрк базасы жалгыз гана эки өлкөнү кызыктырат» деген маалыматында Катардын коргоо министри Халид бин Мухаммед Ал-Атийя, Сауд Арабия, Бириккен Аараб Эмирликтери, Египет жана Бахрейндин өлкөсүнө карай талап тизмесинде орун алган «Катардагы түрк базасынын жабылышы беренесине» карата «Көп убактан бери ар ким тарабынан билинген базаны келип бизден жабышыбызды талап кыла алышпайт. Бул жалгыз гана эки эгемендүү мамлекеттин ортосундагы карым-катнаштарды кызыктырат»,-деди. Атийя, TRT World телеканалында күн тартип тууралуу карым-катнаштарга баа берди. Атийя, өздөрүнөн талап кылынган 13 беренелик талап тизмесинин ичинде өлкөсүндөгү Түрк базасынын жабылышы орун албаганын айтты.

«Хүррйиет» гезити «Тарыхтагы эң байыркы быйтыкча» деген маалыматында Газиантептеги Каркамыш байыркы шаарындагы казууларда бетинде «жылмаю быйтыкчасы» болгон 3 миң 700 жылдык табылга жарыкка чыгарылганын жазган.



Тектеш кабарлар