Түрк басма сөзү-17.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

772255
Түрк басма сөзү-17.07.2017

«Хабер түрк» гезити «15-Июлдун миллиондогон баатыры бар» аттуу маалыматында 15-Июль Шейитттер эстелигинин ачылышында сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган, «Дастандардын бир гана баатыры болот, 15-июлдун болсо миллиондогон баатыры бар»,-дегенин жазган. «Демократия жана улуттук биримдик күнү» катары жарыяланган 15-Июлду «унутпоо, унуттурбоо» убадасын орундаттууда чечкиндүү болгондорун белгилеген Эрдоган, биз бүгүн Чанаккалени, Боштондук согушун кандай унутпасак, 15-Июлду да ар бир мүмкүнчүлүктө эскерип, бул күрөштөрдөн керектүү сабактарды алабыз, 15-июлду да ушундай бурулуш жер катары көрөбүз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия дастанды белгилеп жатат» деген маалыматында 15-июль төңкөрүш аракетинин 1 жылдыгында Стамбул жана Анарада болгон эскерүү иш-чаралары дүйнөлүк басма сөздө кеңири жаңырык тапканын маалымдаган. Анда эскерүүлөрдөгү калың элге көңүл бурулса, президент Режеп Таййип Эрдогандын сөздөрүнө орун берилди. Немис журналы «Билд» «Стамбулда мега шоу» темасын койсо, Норвегиянын урматталган журналдарынан Афтенпостен да миңдеген адамдын колдорунда Түрк желектери менен көчөгө чыккандарын жазып,«Төңкөрүш аракетинин бир жылдыгында укмуш калың топ бар» деп билдирди. Француз гезити «Ле Монде» да веб барагынан 15-Июлду эскерүү иш-чарасына орун берди. Гезит «Ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин Түркия дастанды белгилеп жатат»,-деп койду.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөгө таанымал оюнчу Лив Тайлер Түркияда» аттуу маалыматында америкалык атактуу оюнчу Лив Тайлер, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият мурасы тизмесинде орун алган Эфес байыркы шаарына барганын жазган. Бир топ цивилизациянын бешиги  болгон Измирдин Селчук районундагы Эфес байыркы шаарын үй-бүлөсү жана балдары менен бирге кыдырган Тайлерге эки экскурсовод маалымат беришти. Тайлердин байыркы шаарды кыдыруусу толук 5 саатка созулду. Телефону менен байыркы шаардын сүрөттөрүн көп-көп тартып алып инстаграмда бөлүштү.

«Сабах «гезити «Арслан дүйнөлүк чемпион» аттуу маалыматында 400 метрге жогорку карай чуркоо жарышы болгон Red Bull 400 Дүйнөлүк чемпионатында Германиянын Титисе-Нойштадт шаарында 40 башка өлкөдөн келген миңдеген спортчунун катышуусунда ишке ашканын белгилеген. Эркекетерде Түркияны өкүлдүк кылган Ахме Арслан 3 мүнөт 31 секунддук даражасы менен Немис Антон Палзерди 1секунд артка калтырып жеңишке жетишти. Айымдарда болсо Эже Бакыжы 5 мүнөт 42 секунд 7 салиселик даражасы менен алтынчы орунду алса, биринчи орунду япон спортчусу Юкари Танака алды. Кареьрасындагы 15- Red Bull 400 жарышында 14-жеңишине жетишкен жана тарыхтын алгачкы Түрк чемпиону болгон Ахмет Арслан: «Бул 15-жарышты чуркоо жана жеңишке жетишүү абдан маанилүү болчу. Анткени бул жарышты жеңип чыгуу Дүйнөлүк чемпиондук наамына ээ болуу дегенди берет. Абдан кубанычтамын»,-деди.

«Ватан» гезити «Эң мыкты 10дун арасында түрк ашпозчу бар» деген маалыматында Мардиндик ашпозчу жана социалдык тармактын демилгечиси Эбру Байбара Демир, дүйнөнүн эң мартабалуу ашкана маданияты сынагы болгон Баск Дүйнөлүк ашпозчулук сыйлыктарында алдыңкы 10 орунга кирип финалист болгонун жазган. Алгач ирет Түркиядан бир ысым финалга катышкан сынакта ашкана маданияты менен коомго пайда алып келген ашпозчуларды сыйлыктандырат. 100 миң евролук сыйлык болсо ашпозчунун өзү кошулган жоопкерчилик долбоорунун аткарылышында колдонуулууда.



Тектеш кабарлар