Түрк басма сөзү 14.07.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

770886
Түрк басма сөзү 14.07.2017

«Сабах» гезити «Демократия нөөмөтү улантылат» деген маалыматында 15 -  июль козголоң кыймылынын бир жылдыгына арналган эскерүү иш чаралары менен нөөмөттөр өлкөнүн төрт тарабында улантылып жаткандыгын жазган. Шанлыурфада Рабия аянтында чогулган миңдеген киши демократия нөөмөтүндө туруп шейиттер үчүн намаз окушуп, дуа кылышты. Хилван жана Жейланпынар районунда да 15 -  июлда шейит болгондор үчүн дуа кылынды. Ушакта шаар аянтында  колдорунда байрактар менен чогулган калың эл жүрүшкө чыкты. Адапазырнда демократия нөөмөтүнүн экинчи күнүндө Демократия аянты жарандар менен толуп, куран окулуп, дуа кылынды.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: 15 -  июль биздин жаңы Чанаккалебиз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде өткөргөн 15 -  июль шейиттерин эскерүү программасында сөз сүйлөдү. Эрдоган : «Чанаккаледен алган күч менен ишеним менен Боштондук согушубузда жеңишке жетиштик. 15 -  июль да биздин жаңы Чанаккалебиз»,- деди.

Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылына тоскоол болгон эли менен сыймыктангандыгын баса белгилеген Эрдоган улуттун эми ФЕТӨ сыяктуу уюмдардын өлкөдө кыймыл кылышына уруксат бербей тургандыгын айтты.

«Ватан» гезити премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Стамбулда журналисттердин директорлору менен жолугушуусунда берген маалыматында жаңы бир козголоң кыймылы ыктымалынын жогору эмес экендигин белгилеп : «Бирок дагы бир жолу ушундай акмактык боло турган болсо бул жолу тарта тургандары абдан оор болот. Муну баары билсин»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Оюн секторуна 60 миллиардык инвестиция колдоосу» деген маалыматында экономика министрлигинин оюн программасы секторунда Түркиянын борбор болуу үчүн даярданып жаткандыгын жазган. Өткөн жылы 500 миллион долларлык киреше киргизген оюн программасы сектору тууралуу салыктар иретке салынып, колдоо берилет.

«Стар» гезити «Дүйнө жыдыздары Бодрумду тандады» деген маалыматында Түркиянын көзгө көрүнүктүү туристтик аймагы Бордрумда эс алуу үчүн дүйнөгө белгилүү  бразилиялык жылдыз Адриана Миладан кийин Кейт Мосс да достору менен Бодрумда бир мейманканага жайгашкандыгын жазган.



Тектеш кабарлар