Түрк басма сөзү-13.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

770140
Түрк басма сөзү-13.07.2017

«Сабах» гезити «Европа Биримдиги убактыбызды бекер коротуп жатат» аттуу маалыматында Европа Биримдиги Түркиянын убактысын уурадганын айткан президент Режеп Таййип Эрдогандын «Эгерде ЕБи кабыл албай турганын айтса, Түркия жеңилдейт», дегенин баяндаган. Президент Эрдоган Англиянын берүү органы ВВСге маек куруп берди. Эрдоган Түркиянын өзүн бага ала турганын белгилеп өттү. Эрдоган: «Биз убадабызда турдук. Эгерде ЕБ ачык түрдө Түркияны кабыл ала албайбыз десе, бул биз үчүн жеңилдик болот. «В» жана «С» пландарыбызды баштайбыз»,-деп айтканын берген.

«Йени шафак» гезити «Инвестиция жана ыңгайлуулук борбору- Түркия» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Анкарада эл аралык ири фирмалардын жогорку рангадагы башкаруучулары менен жолукканын маалымдаган. Түркияда инвестициясы болгон 300дөн ашуун эл аралык фирманын башкаруучуларына кайрылган Эрдоган, Түркия акылуу болгондон дагы аз эл аралык инвестицяины тартканын айтты. Эрдоган башкаруучуларга: «Маселе же тоскоолддукка туш болсоңуз дароо мага келиңиз»,-деди.

«Сабах» гезити «Катардын экономика министринен түрк фирмаларына сүйүнчү» аттуу маалыматында Катардын экономика министри Ахмед бин Жассим Ал-Танинин Түркиянын өлкөсү үчүн инвестиция жана соода жагынан стратегиялык өнөктөш болгонун айтканын белгилеген. Түрк фирмаларынын Катардагы иштерин кемчиликсиз улантып жатканына көңүл бурган Тани: «Түрк фирмалары иштерин улантууда. Дүйнөлүк кубок болсун, инфраструктура долбоорлору болсун, башка темалар болсун акчоону көргөн жокпуз. Бирок төрт өлкөнүн фирмаларынын мындан кийинки иштерде орун албай турган болушунун себебинен түрк фирмаларына Катарда дагы көп мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн»,-деди.

«Стар» гезити «Экономикабызды учура турган чоң резерв» деген маалыматында мунай зат иштери боюнча башкы директор Өмер Кожанын көмүр кендеринен алына турган метан газы потенциалынын экономикага чоң салым кошо турганын айтканын баяндаган. Өмер Кожа, Түркиядагы көмүр кендеринен алына турган метан газынын потенциалынын 130 миллиард метр кубдун айланасында болгонун белгилеп, «Бул газдын акчалай суммасы 37 миллиард доллардын тегерегинде»,-деди.

«Ватан» гезити «Израиль газынын жолу Түркиядан өтөт» деген маалыматында Түркия, Европанын энергетика көпүрөсү болууга камданганын жазган. Түркия жана Израилдин ортосунда карым-катнаштардын оңолушу энергияда ири кызматташтыктын жолун ачканын белгилеген. Израилдин энергетика, инфрасртуктура жана суу резервдери боюнча министри Юваль Штайниц, 22-Дүйнөлүк мунай конгрессинин алкагында өткөрүлгөн Министрлер отурумунда сүйлөгөн сөзүндө энергетиканын Түркия менен Израилдин ортосунда нормалдашуу жана эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү процессинде маанилүү символ болгонун айтты. Юваль Штайниц: «Эки маанилүү түтүк жолу долбоору туурасында тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Булардан бирөө Түркия, ошондой эле Түркиянын ички талаптоосу жана Европага жаратылыш газ жетикрүү үчүн Израилден Түркияга созулган газ куурун  курууну каалайбыз»,-деди.                                               



Тектеш кабарлар