Түрк басма сөзү-13.06.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

751885
Түрк басма сөзү-13.06.2017

«Хабер түрк» гезити «Күчтүү өсүү биржада рекорд жаратты» аттуу маалыматында Стамбул биржасында BIST 100 индекси Түркия экономикасынын биринчи чейректе 5 пайыз менен базар күтүүлөрүнүн үстүндөгү күчтүү өнүгүүсүнүн оң таасири менен тарыхынын эң жогорку чеги болгон 99 миң 455 баллга жетип рекордго жетишкенин маалымдаган. Эл аралык базарларда кечээ күндү 3 лира 53 куруштан баштаган доллар/ТЛ катнашы, өсүү көрсөткүчүнүн таасири менен 3 лира 51 куруш деңгээлине түштү.

«Йени шафак» гезити «Дипломатиянын борборундабыз» аттуу маалыматында 5-июнда Катар менен айрым араб өлкөлөрүнүн арасында башталган кризисте Түркия, президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде активдүү дипломатиялык демилгелерин улантып жатканын жазган. Акыркы жолу жарыяланган бир карта Перс булуңунда болуп жаткан кризисте Түркиянын дипломатиялык чабуулунун жемишин бергенин көрсөтүүдө. Картада өзгөчө Перс булуңу өлкөлөрү жана Ирандан Түркияга тынымсыз келүүлөр жана телефон сүйлөшүүлөрүнүн агымы тынбай жатканын көрсөтүүдө. Кризис башталгандан кийин Ирандын өтүнүчү менен тышкы иштер министри Жевад Зариф, Анкарада президент Эрдоган менен жолугушту. Ошондой эле Бахрейндин тышкы иштер министри шейх Халид бин Ахмед Ал Халифе да Анкарага келип президент Эрдоган менен пикир алмашты.

«Хүррийет «гезити  «Түркиянын колдоосун унутпайбыз» деген маалыматында Катар принцессасы шейха Эл Маясса Эс Сани, «Хүррийет» гезитине берген атайын маегинде, Сауд Арабия баштаган алты Прес булуңу өлкөсүнүн Катар менен карым-катнаштарын токтоткон убакта Түркиянын Катарга колдоосуна шилтеме кылып, «Түркия менен Катардын карым-катнаштары ар дайым абдан жакшы болгон. Катарда да абдан көп түрк коомчулугу бар. Биз Түркиянын жана түрк калкынын бизге көрсөткөн достугун эч качан унутпайбыз»,-дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «Япон үй кожойкелеринин түрк облигацияларына кайтуусу» деген маалыматында Японияда дээрлик пайызсыз карыз ала алган япон үй кожойкелеринин түрк облигацияларына кызыгуусу күч алганын маалымдаган. ТЛ менен «Уридаши» облигацияларын кайрадан ала баштаган япон үй кожойкелери быйыл 517 миллион доллардан ашкан түрк капиталдарына инвестиция салышты. Юкуко Икебе жанаМаюми Тории япон айымдарынын арасында таанымал. Икебе жана Тории 2008-жылдын кризисинен кийин түрк облигациялары да арасында болгон «Урудаши» б.а.Японияда жеке инвесторлорго берилген валюта түрүндөгү облигацияларга инвестиция салып миллион долларларга ээ болду. Бул эки ысым берген илхом 2012-жылы япон үй кожойкелерин толугу менен ТЛ түрүндөгү «Урудаши» облигацияларына багыттады. Анда 3,7 миллиард лоллардык ТЛ «Урудаши» алган япон кожойкелеринин быйыл да кайрадан алууга өткөнү айтылууда.

«Сабах» гезити «Макрон оңду-солду шыпырып өттү» аттуу маалыматында Франция тарыхынын эң аз катышуучусу болгон парламенттик шайлоорунан президент Эммануэль Макрондун партиясы Республика жүрүшү кыймылы жеңиш менен чыкканын белгилеген. Бир жыл мурда түзүлгөн центрист партия, Франция парламентиндеги 550 эл өкүлүнүн көпчүлүгүнө ээ болду. Биринчи айлампасы мурдагы күнү өткөн добуш берүү процедурасында 47 миллион 571 миң 484 шайлоочу орун алган өлкөдө шайлоого барбагандардын катнашы 51,29 пайыз деңгээлине жетип өлкө тарыхында рекорддук деңгээлге жетти.

 



Тектеш кабарлар