Түрк басма сөзү 11.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

730091
Түрк басма сөзү 11.05.2017

«Стар» гезити «Вашингтонго тарыхый эскертүү» деген макаласында АКШнын террордук уюм ПЙДге курал-жарак жардамына каршылык көрсөткөн президент Режеп Тайип Эрдоган: «Бул жаңылыштыктын тез арада жоюлушун каалаймын. Буга карата мамилебиздин кандай болоорун 16-майда президент Дональд Трамка жеке өзүм айтып берем. Мындай кадам аймактын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Өткөндөгү туура эмес кадамдардын Сирияга алып келген кесепети белгилүү»,-дегенин жазган.

Расмий сапар менен Түркияга келген Сьерра-Леоненин президенти Эрнест Бай Корома менен биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн Эрдоган: «Сирия менен Ирактагы ар бир кырдаал биз үчүн түздөн-түз улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Шериктештерибиз, террордук уюмдардын жанында эмес биздин жаныбызда болушу керек»,-деп эскертти.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигине Түркиядан үч так билдирүү» деген маалыматында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик кечээ Европа Комиссиясынын карамагында өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги жолугушууларда «мүчөлүктөн тышкаркы формулага жабыкпыз», «жаңы темалар ачылуусу керек» жана «Бажы Биримдиги жаңылансын» деген билдирүүлөрдү айтканын жазган. Өмер Челик Европа Биримдиги менен болгон алакаларды толук мүчөлүктүн алкагында жүргүзүүнү каалагандарын белгилеп: «Мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн кое туруп, берки иштерди карап чыгалы сыяктуу мамилени биз эч качан кабыл албайбыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Биржада жана базар экономикасында жогорулоо уланат» деген маалыматында Стамбул биржасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Хикмет Карадаг, жаңы капитал рыногундагы товарлар жана моделдер боюнча иштеп жаткандарын айтканын билдирген.

«Сабах» гезити «Нью-Йорк жомогу башталууда» деген маалыматында АКШда тартылган алгачкы түрк кинотасмасы болгон «Нью-Йорк жомогунун» бет ачаары өткөрүлгөнүн билдирген. Moving Image музейиндеги бет ачаарга кинонун каармандары менен катар Түркиянын Нью-Йорктогу башкы конусулу Эртан Ялчын жана орун басары Рейхан Өзгүр да катышты. Америкада жашаган түрктөр тарабынан тартылган кинонун режиссерлугун Доган Өзмекик аркалады. Бул фильм 19-майда АКШ менен бир учурда Түркияда да көрсөтүлүп баштайт. Кинотасма коркунучтуу жол кырсыгына кабылгандан кийин жашоосунда радикалдуу өзгөрүү кылган жаш айымды түшүндүрүүдө.



Тектеш кабарлар