Дүйнөлүк басма сөз 19.04.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалымат

716364
Дүйнөлүк басма сөз  19.04.2017

Грециянын Newsbeast гезити «Эл эркин үкөктө билдирди жана талаш  - тартыш бүттү» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырымдын жекшемби күнү болгон референдум тууралуу : «Эл эркин референдумда билдирди жана талаш – тартыш бүттү»,- дегендигин билдирген. Йылдырым : «Баарынын жыйынтыкка сый көрсөтүшү керек»,- деди.  

Англиянын Ройтерс маалымат агенттиги «Жогорку шайлоо кеңешине карата сындар саясий максатта» деген маалыматында Европа Биримдиги министри Өмер Челик референдумда Жогорку Шайлоо Кеңешинин мөөрсүз бюллетендерди кабыл алуу чечими тууралуу сөздөрдүн саясий максатта экендигин айтып катуу сынга алгандыгын билдирген. Челик Түркиянын күчтүү бир мыйзамдуу чегинин бар экендигин,  так бир процесс болгондугун айтты. Челик  : «Европанын айрым саясий ишмерлер референдумду Европа  -  Түркия карым – катнаштарынын акыры катары көрүшүүдө. Мындай маалыматтар да демократия маданиятынан артта калгандыгын көрсөтүүдө»,- деди.

Германиянын DPA маалымат агенттиги Түркиядагы конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлгөн референдумду байкоо үчүн жиберилген делегациядагы немис Сол партиясынын мүчөсү Андрей Хунконун жикчил террордук уюм ПКК жактоочусу экендигин ортого чыгарды. Ушундайча европалык байкоочулар тарапсыздыгын жоготту.  Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу твиттер аркылуу Хунконун ПКК байрагы менен тартылган сүрөтүн бөлүштү.

Чавушоглу бул тууралуу : «Террордук уюм ПККнын символу менен сүрөткө түшкөн Хунко Европа Кеңешинин референдум байкоочусу. Бул кишиден тарапсыздыкты күтүүбүз керекпи?»,- деп жазды. Жекшемби күнү болгон референдумда Европа Кеңешинин Парламентарлар ассамблеясынын атынан байкоочу катары орун алган болчу.

Италиянын "Il Messaggero" гезити «Батыш дүйнөсү Түркия тууралуу туура эмес маалыматтарды билет» деген маалыматында батыш дүйнөсүнүн Түркияны туура түшүнүшү үчүн обьективдүү болууга муктаж экендигин билдирген. Европа өлкөлөрү өз саясий шектенүүчүлүк жана билимсиздиктеринен тазаланса Түркия менен дагы жакшы мамиле куруу үмүтүнө ээ боло алат. Батыш Түркиянын социологиялык түзүлүшүнө жана географиялык абалына байланыштуу жаңылыш пикирлерден өзүн куткаруусу керек. Батыш дүйнөсү Түркиянын террор менен күрөшүн түшүнүүгө мажбур. Антпесе террордук уюмдар уя салган Сирия жана Ирак сыяктуу өлкөлөр менен кенен чек арага ээ. Бул кыйын баскычта Түркия менен жакшы карым – катнаштар курула турган болсо Түркияга ээ чыгуу ыктымалы дагы көп болот.



Тектеш кабарлар