Түрк басма сөзү-30.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

702696
Түрк басма сөзү-30.03.2017

«Хабер түрк» гезити «АКШнын Адил Өксүз тууралуу маалымдоосу ыраазы кылган жок» аттуу маалыматында Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ)15-июлдагы кандуу төңкөрүш аракетинде «Акынжы» базасында кармалып кайра шашылыш кое берилген ФЕТӨнүн имамы, качкын Адил Өксүзгө 21-июлда АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунан телефон чалынганы белгилүү болгонун жазган. АКШнын Элчилиги качкын Адил Өксүздүн визасынын жоюлганынын билдирилиши үчүн чалынганын жарыялады. Расмий жарыялоону карап чыккан премьер-министр Бинали Йылдырым, «Дагы ыраазы кылуучу жооп күтөбүз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Террорго колдоо көрсөткөн немис фонддору иликтенүүдө» аттуу маалыматында Түркияга каршы ар түрдүү акциянын артынан немис фонддору чыкканын жазган. Европада Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ), ПКК жана ДНКП-Ж сыяктуу уюмдардын камкордугун кылган Германия, бир тараптан террористтерди түрк коопсуздук бөлүктөрүнөн коргоп жатса экинчи тараптан тыңчы фонддору аркылуу Түркиянын ар тарабында иш-чара өткөрүүдө. Түркияда расмий түрдө ишин жүргүзгөн 22 чет элдик фонддон көпчүлүгү немистерге таандык жана террордук топтордун бир топ акцияларында бул фонддордун болушу көңүл бурбай койбойт. Гези паркы козголоңуна активдүү колдоо көрсөткөн ПККнын аңгек жана тосмолоруна ок дары жеткирген немис чалгындоосу BND борборлуу мекемелерге чыныгы сокку 16-апрелдеги элдик добуш берүүдөн кийин урулат.

«Ватан» гезити «Booking.com порталынын Түркиядагы иш-чаралары токтотулду» деген маалыматында Стамбулдун 5-Биринчи инстанциядагы арбитраждык соту онлайн отел резервация порталы Booking.comдун Түркиядагы иш-чараларын көзөмөлгө алуу үчүн токтотуу чечимин чыгарганын жазган. Түркиянын саякат агенттиктери биримдигинин  (TÜRSAB) адвокаттары, саякат агенттиктерине карата адилетсиз атаандаштык кылганы себеби менен онлайн резервация порталы booking.comго каршы иштеринин токтотулушун талап кылган доо койду. Доону кабыл алган сот booking.com фирмасынын интернет барагы аркылуу жана башка адрес аркылуу Түркиядагы мейманкана же коноктоочу комплекстердин соодаланышы жана сатылышына арачылык кылуу иштеринин токтотулушуна карата бул темада Маалымат технологиясы мекемесине (BTK) жазуу жазылышына чечим чыгарды. Маалымат технологиялары мекемесинин сайтка кирилишине бөгөт коюушу күтүлүүдө.

«Сабах» гезити «Түркияга карата кылдат сөз сүйлөйлү» деген маалыматында Грециянын мурдагы премьер-министри Костас Симитистин 13-жыл өткөн соң үн катпай турушун бузуп бир маегинде грек жооптуу кызматкерлеринин Түркияга карата дагы кылдат болуулары керектигин сунуштаганын баяндаган. Грециянын коргоо министри Панос Камменоско шилтеме кылган Симитис, Түркияны ызалантуучу сөздөрдөн алыс турулушу керектигин белгилеп кетти. Бузукулуктардын жыйынтыгында Эгейде кырсык болуу ыктымалына каршы өлкөсүн эскерткен Симитис, 1996-жылы Грециянын премьер-министрлиги мезгилинде Кардак жарчалырынын айланасында болгон кризиске шилтеме кылды. Симитис бул темада башка өлкөлөрдүн да чыңалууну күчөтүү аракетинде боло турганы темасында Грецияны кылдат болууга чакырды.

«Стар» гезити «Ражаб түнү; үч айлардын жарчысы» деген маалыматында Ислам дүйнөсүндө мээримдүү, берекелүү жана кечиримдүү мол үч айлардын жарчысы катары кабыл алынган Ражаб бүгүн түнү болоорун жазган. Калоо, тилек, максат сыяктуу түшүнүктү берген талап сөзүнүн көптүк түрү болгон Ражаб, келечеке карай каалоо, максат жана тутумдарды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Талаптардын жалгыз Аллага карай болушу керектигин эске салат.



Тектеш кабарлар