Түрк басма сөзү-28.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

681845
Түрк басма сөзү-28.02.2017

«Йени шафак» гезити «Ракка боюнча иштөө» аттуу маалыматында Ракканын ДЕАШтан тазаланышы планынын акыркы формасы берилип жатканда президент Режеп Таййип Эрдогандын улуттук коргоо министри Фикри Ышык жана башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар менен жолугуп Ракка операциясын сүйлөшкөнүн баянаган. 42 күндөн бери Вашингтон-Анкара багытында уланган сүйлөшүү алакаларынын акырына жетилди. Пентагон алдыбыздагы 48 сааттын ичинде Ракка операциясынын пландарын Анкарага сунуштайт. Анкара-Вашингтон багытында уланган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө кыймыл үчүн Акчакале-Тел Абяд багыты басымдуулук кылат. 4 миң түрк аскери жана 6 миң Эркин Сирия армиясынын мүчөсү операция процессине кошулушу күтүлүп жатат.

«Сабах» гезити «Эл Бабга Жераблус модели» аттуу маалыматында террор уюму ДЕАШтан тазаланган Сириянын Эл Баб шаары үчүн Жераблус модели ишке ашырыла турганын маалымдаган. Эң оболу шаардын негизги муктаждыктары ойлонулуп, азык-түлүк жардамдары арттырлат, саламаттык сактоо маселелери чечилет. Көптөн бери берилбеген электр энергиясы маселеси жана ичиле турган су маселеси чечилет. Зыянга учураган бардык инфраструктура кайрадан курулуп, качкан калк үчүн ылайыктуу абалга келтирилет. Жаштарга билим берилип жергиликтүү полициялык уюмдар түзүлөт. Бир топ түзүлүп шаардын жана айланасындагы айылдардын маселелерин белгилейт. Түркия да бул учурда ар түрдүү тылдык колдоону көрсөтөт. Мектептер оңдолуп балдар кайрадан мектепке бара башташат.

«Хабер түрк» гезити «Заманбап Жибек жолу үчүн тарыхый саммит» аттуу маалыматында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Заманбап Жибек жолу долбоорун ишке ашырыш үчүн 14-15-май күндөрүндө Кытайдын борбор калаасы Пекинде 65 өлкөнүн лидерлери менен жолугуша турганын жазган. Цзиньпин саммитке президент Эрдоганды да чакырды. Заманбап Жибек жолу Кытайдан Батышка кургактык жана деңизден жетилишин камсыздаган экономикалык секирик жүрүшү катары ортого салынды.  2015-жылы Эрдоган Пекинге сапарында Түркиянын бул долбоорго абдан маани бергенин айтып, Заманбап Жибек жолу долбоору жана ушул алкакта салына турган инфраструктура иштеринде Кытай менен макулдашкан. Заманбап жибек жолу үчүн ар кайсы өлкөлөрдө долбоорлонгон инвестициялардын бардыгы тең кийинчерээк Түркиядагы долбоорлорго туташтырылат. Кытай, Түркиянын бул долбооргорго кошулуусуна абдан маани берет.

«Стар» гезити «Европа Биримдигине экспорттун үлүшү 60 пайызга чыгат» аттуу маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи, Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы бажы биримдиги келишиминин жаңылануусу менен бул базарга муктаждык 49 пайыздан 60 пайызга чыга турганын айтканын жазган. Зейбекчи быйыл же эң кеч 2018-жылдын биринчи жарымына дейре Түркия менен ЕБнин ортосундагы Бажы Биримдиги келишиминин айыл чарба, азык-түлүк, тейлөө, мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук сооданы да камтыгыдай түрдө кеңейтиле турганын жана жаңылана турганын белгилеп кетти. Ушул аркылуу түрк тейлөө секторундагы фирмалар ЕБне же ЕБдеги тейлөө секторлорунда, мамлекеттик сатып алууларда абдан маанилүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. ЕБдеги фирмалар да Түркиядагы ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

«Ватан» гезити «Орус туристтер Түркияга быйыл эрте келет» аттуу маалыматында Түркияга абдан көп июнь, июль жана август айларында келген орус туристтер быйыл эрте келээрин жазган. Эрте резервацияларда Орусиядан келе турган турист санында олуттуу өсүү көрүндү. Эң көп Анталья шаары таналууда. 2014-2015 сезонунда Түркияга 4,5 миллиондон ашуун орус турист келген. Бул сан эмитеден эле Аталья үчүн 4 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар