Түрк баса сөзү-7.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

667032
Түрк баса сөзү-7.02.2017

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фонду дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 10го кирүүдө» аттуу маалыматында дүйнө жүзүндө 40тан ашуун өлкөдө 80дей мүлктөр фонду бар экенин маалымдаган. Норвегия, Сауд Арабия, Кувейт жана Катар сыяктуу өлкөлөр мунай затка таянган мүлктөр фонду менен дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. 2016-жылдын март айынан тарта дүйнө тизмелөөсүндө Норвегия 885 миллиард доллар менен биринчи орунда турса, андан кийин 813,8 миллиард доллар менен Кытай турат. Кыска мөөнөттө 200 миллиард доллардык капиталга ээ боло ала турганын көздөгөн Түркия мамлекеттик мүлктөр фонду да 193,6 миллиард доллардык Сингапурдун Темасек фондун артка калтырып бул лигада 12-орунга жогорулашы күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «7 жылдан кийин Тель-Авив» аттуу маалыматында туризмде Түркиянын максаттаган өлкөлөрүнөн бири болгон жана 2017-жылы 1 миллион турист тартууну пландаган Израиль менен карым-катнаштар оңолуп баратканын жазган. 7 жылдык мөөнөттөн кийин алгач ирет бир түрк министри Израилге барды. Тель-Авивдеги туризм жарманкесине катышкан маданият жана туризм министри Наби Авжы: «Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар өнүгөт»,-деди.

«Сабах» гезити «Электр энергиясын өндүрүүдө жаңы модель, жаңы мезгил» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын энергетикада тышка көз карандылыкты азайтуу максатында баштаткан жергиликтүү көмүрдөн электр энергиясын өндүрүү моделинин алгачкысы болгон Анкаранын Наллыхан районундагы Чайырхан тендери жыйынтыкталганын жазган. Электр өндүрүү акционердик коомунун Чайырхандагы энергия өндүрүү жана көмүр резерви аянттарынын менчиктештирилиши тендерин Колин-Калйон энергетика –Челиклер өнөктөштүгү жеңип алды. Фирма 800 мега ваттык станция курат. Аймакка 1,1 миллиард доллардык инвестиция салат.

«Ватан» гезити «Чыгыш Африкага ылдам жүрүүчү поезд жолу салынат» аттуу маалыматында Түркиянын фирмасы Йапы Меркези, Чыгыш Африканын алгачкы ылдам жүрүүчү поезд жолу долбоорунун тендерин жеңип алганын жазган. Түркиядан Йапы Меркези жана Португалиядан Мота-Энгил түзгөн өнөктөштүк, Танзанияда курула турган Дар-эс-Салам-Морогоро темир жол долбоору тууралуу контрактка кол койду. Долбоор менен Африканын эң маанилүү туризм аймактарынан болгон Дар-эс-Салам, соода жана туризмде секирик жасайт.

«Стар» гезити «Түрк телеком материктерди була кабель менен туташтырды» аттуу маалыматында Түрк телеком интернейшнлдын дүйнөнүн эң маанилүү жана жогорку сапаттуу деңиз астынан өтүүчү дата кабелдеринен турган эл аралык деңиз астынан өтүүчү була кабель төшөө системасы  SEA-ME-WE 5 ийгиликтүү бүтүрүлгөнүн маалымдагаган. Түрк телеком интернейшнлдын Мармаристе курган станция менен кошо бул ири долбоор менен Азиядан Европага дейре 20 миң километрден алыс аралыктагы 17 өлкө жогорку өлчөмдөгү була кабелдер аркылуу бири-бирине туташтырылды.



Тектеш кабарлар