Түрк басма сөзү 6.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

666112
Түрк басма сөзү 6.02.2017

«Йени шафак» гезити «ДЕАШка каршы оор сокку» деген маалыматында террордук уюм ДЕАШка каршы таасирдүү күрөшүп жаткан Түркия, операцияларын ылдамдатканын жазган. Террордук уюмга Сирия жана өлкөнүн ичинде оор сокку урулду. Стамбул, Анкара, Измир жана Шынлыурфа менен катар 28 областтагы жүздөгөн үйгө операция жүргүзүлүп, 690 киши камакка алынды. Сирияда болсо уюмдун башчыларынын бири жок кылынды.

«Стар» гезити «Палестинада түрк инвесторлоруна жаңы ишканалар» деген маалыматында Түркия Израиль менен Эркин соода келишимин жаңылап жатканын билдирген. Ушул алкакта Палестинаны жумуш менен да камсыздай турган Женин шаарында түрк ишкерлери жаңы ишканаларды алып «Made in Палестина» бреди менен өндүрүш кылат. Женинде текстиль жана айыл чарба өнөр жайы менен катар таш иштетүү, айыл чарба техникалары, зайтун майы жана дары-дармек тармактарында чоң инвестициялар салынат.

«Ватан» гезити «Жаңы рекордго карай» деген маалыматында Стамбулдун 2000-жылы 8,5 километр узундугунда болгон метросу, 2023-жылы Нью-Йорктон кийинки дүйнө жүзүндөгү эң узун жол болоорун билдирген. 17 жыл мурда Таксим-Левент метросу ачылганда Стамбул метросу Нью-Йорк, Париж, Москва сыяктуу шаарлардын метро карталары менен  салыштырылчу. Эми ал көрүнүш өзгөрдү. 8,5 километрдик жол учурда 150 кмге жетти. Учурда 156 кмдик жолдун курулушу уланып жатат. 2019-жылы Стамбулга 489 кмдик темир жол курулат. Ал эми 2023-жылга карата максат болгон 1000 кмдик жол бүткөрүлгөндө Стамбул Нью-Йорктон кийин экинчи болмокчу.

«Хүррийет» гезити «Автомобиль экспорту 37 пайыз өстү» деген маалыматында экспорттун локомотив сектору автомобиль 2017-жылды да ылдам баштаганын жазган. Автомобиль секторунун аянварь айындагы экспорту 37 пайыздык өсүү менен 2 миллиард 69 миллион доллар болду.

«Сабах» гезити «Немис журналы ФЕТӨнүн канчалык коркунучтуу уюм экенин жазып чыкты» деген маалыматында ушундайча немистер да ФЕТӨ чындыгын моюнга алууга аргасыз болгонун жазган. Германияда басылып чыккан «Der Spiegel» журналы Фетуллахчы террор уюмунун канчалык коркунучтуу уюм экенин билди. ФЕТӨнүн лидери Фетуллах Гүленди «шектүү адам» деп сыпаттап, уюмду да «арамза» деп мүнөздөдү. Бул журнал, көптөгөн жылдардан бери мамлекеттик мекемелерге жайылган ФЕТӨчүлөрдүн Германиядагы иштери үчүн да эскертти.



Тектеш кабарлар