Түрк басма сөзү-2.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскачяа маалыматтар.

664179
Түрк басма сөзү-2.02.2016

«Йени шафак» гезити «Үчтүк механизм иштей баштады» аттуу маалыматында Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде өткөрүлгөн Орус-Араб кызматташтык форумунда сөз сүйлөгөн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сириядагы ок атышпоо процессин байкоо үчүн түзүлгөн үчтүк механизм иштей баштаганын жана Сирия режиминин жалпысынан ок атышпоого баш ийгинен айтканын берген. Лавров, Казакстандын борбор калаасы Астанада өткөн аптада болгон Сирия тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгарылган чечимдин талабы боюнча Түркия, Орусия жана Иран тарабынан түзүлгөн үчтүк механизмдин иштей баштоо күнү тууралуу так маалымат берген жок. Буга кошумча Сирияда ок атышпоонун ишке ашырылышы жана байкалышы темасында Астанада Орусия, Иран жана Түркия колдогон сүйлөшүүлөргө байланыштуу түрдө 6-февралда боло турган техникалык жыйналышка БУУ да катышат. Техникалык жыйналышта кепил өлкөлөр Орусия жана Түркиянын 30-декабрдан тарта аянтта болгон кыймылдуулук туурасында отчет сунуштайт.

«Сабах» гезити «Батыш 15-июлду туура түшүнө алган жок» деген маалыматында Англиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана АКШ боюнча жооптуу мамлекеттик министри Алан Дункан, 15-июлдагы төңкөрүш аракетине Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) жооптуу экендигине ишенгенин белгилеп: «ЕБ өлкөлөрү Түркиянын башынан өткөргөндөрүн жана дагы эле башынан өткөрүп жаткандарын туура түшүнгөн жок»,-дегени орун алды. 15-июлдан кийин батыштан Түркияга министр деңгээлиндеги алгачкы сапарды жасаган Дункан, Англис парламентинин тышкы байланыштар комиссиясынын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Түркиянын 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки травманы дагы эле ашып өтө электигин белгилеген Дункан, төңкөрүш аракетинин өлчөмүнүн кулатуучу болгонун айтып, «Түркиянын башынан өткөргөндөрүн түшүнүүгө аргасызбыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Экспортто 15 пайыз өсүү менен жылга ылдам кирдик» аттуу маалыматында  Түркия экспортчулар ассамблеясынын төмөндөө менен жабылган 2016-жылдан кийин 2017-жылдын биринчи жарымынын көрскөткүчтөрүн жарыялаганын маалымдаган. Анда январь айынын экспорту 15 пайызга өсүү көрсөтүп 10 миллиард 528 миллион долларга жетсе, акыркы 49 айдын өсүү рекордуна да жетишти. Акрыкы 12 айлык экспорт, мындан мурдагы жылга салыштырмалуу 1,8 пайыздык өсүү менен 143 миллиард 588 миллион доллар болду. Сектор жагынан алганда декабрь айында эң көп экспортту 2 миллиард 69 миллион доллар менен автомобиль сектору орундатты. Автомобиль секторунан кийин 1 миллиард 253 миллион доллар менен даяр кийим жана конфекция, 1 миллиард 234 миллион доллар менен химиялык заттар сектору орун алды. Экспортто Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн үлүшү 50 пайызга жакындаса, Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн үлүшү 18,1 пайызга жакындады.

«Хүррийет «гезити «Түркия жана Катардан жаңы соода көпүрөсү» аттуу маалыматында аймакта таасирдүү соода байалнышын куруш үчүн Түркия жана Катардык инвесторлор кызматтыштык кылып жатканын маалымдаган. Катарда эмир Эл Санинин үй-бүлөсү курган Катар фондуна таандык Катар улуттук конгресс борбору жана Түрк фирмасы Медикасити, ЭКСПО Түркей бай Катар жарманкелер чынжырын баштатууда.

«Ватан» гезити «Темирден жибек жолунун 2 айлык гана иши калды» деген маалыматында транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арсландын: «Темирден жибек жолу» деп билинген Баку-Тбилиси-Карс темир жолу долбоорун март жана апрелде 2 айлык тыгыз эмгектенүү менен жылдын биринчи жарымында ишке ашыра тургандарын айтканын жазган.



Тектеш кабарлар