Түрк басма сөзү 19.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

654772
Түрк басма сөзү 19.01.2017

«Хабер түрк» гезити «Орус жана Англиянын согуштук учактары Эл Бабда ДЕАШты бомбалады» деген маалыматында Башкы штабдын төрагалыгы, террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында Түркия менен Орусиянын ортосунда кол коюлган макулдашуунун негизинде орус согуштук учактарынын Сириянын Эл Баб районунун түштүгүндө белгиленген буталарды бомбалагынын билдиргенин жазган. Орус армиясынан генерал-лейтенант Сергей Рудской да, Орусия менен Түркиянын Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы абадан операция жүргүзгөнүн белгилеп ийгиликтүү жыйынтыктар алынганын айтты. Коалиция күчтөрүнүн алкагында болсо Англия Эл Бабда ДЕАШка абадан операция жүргүздү.

«Сабах» гезити «140 миллиард доллардык Катар мүмкүнчүлүгү» деген маалыматында Катар түрк фирмаларын инвестиция салууга чакырганын билдирген. 2022-жылы өтүүчү Дүйнөлүк кубок үчүн 140 миллиард доллардык инвестиция сала турган Катар, түрктөргө ар түрдүү инвестиция жана кызматташуу жеңилдигин түзө турганын билдирди. Түркиянын Биржалар жана Палаталар Биримдигинин төрагасы Рифат Хасаржыклыоглу менен биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн Катардын Соода жана Өнөр жай Палатасынын төрагасы шейх Халифа Аль Тани: «Чакан жана орто көлөмдүү өнөр жайды өнүктүрүүнү максаттап жатабыз. Бул темада Түркия абдан ийгиликтүү. Кызматташтык түзүүнү да каалайбыз»,-деди. Аль Тани түрк фирмаларынын 140 миллирд доллардык инвестициядан үлүш ала баштаганын да сөз кылды.

«Ватан» гезити «Алгачкы жергиликтүү фрегаттын курулушу бүгүн башталат» деген маалыматында Түркиянын алгачкы улуттук фрегатынын курулушу бүгүн өткөрүлө турган азем менен баштала турганын билдирген. Фрегаттын курулушун улуттук коргоо министри Фикри Ышык менен деңиз командири адмирал Бостаноглу баштап берет. 113 метрдик фрегаттын курулушунун 3 жыл 10 айдын ичинде аякташы, кеменин 2021-жылы тейлөөгө ачылуусу максатталууда. «Стамбул» деп аталган кеме Стамбулдан Сомали же Йеменге күйүүчү майсыз жете алып, жергиликтүү шаймандары менен көңүлдөрдү бурат.

«Стар» гезити «1915 Чанаккале көпүрөсүнө ири компаниялар кызыкдар» деген маалыматында транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан Чанаккале кысыгына салына турчу «1915 Чанаккале көпүрөсү» үчүн төртөө япон, үчөө кытайлык, экөө кореялык, бирөө итальян болуп жалпы 24 фирманын тендер делосун сатып алганын айтканын жазган. Арслан Түркия үчүн өтө маанилүү болгон жана Республиканын 100 жылдыгында ачылышы көздөлгөн 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн эки тирөөчүнүн ортосундагы 2 миң 13 метр кеңдиги менен дүйнө жүзүндөгү эң ири долбоор болоорун билдирди.

«Хүррийет» гезити «50 жылдан кийин үйгө кайтты» деген маалыматында Англиянын жараны Телма Бишоп 1960-жылдарда Измирдеги байыркы Эфес шаарында сатып алган кумаранын б.з.ч 3000-жылга таандык табылга экенин билгенден кийин Түркияга тапшырганын жазган. Тарыхый кумара Анкарадагы Анадолу цивилизациялары музейинде көргөзмөгө коюлат.



Тектеш кабарлар